www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хиллари Клинтон былтыркы жылдагы президенттик шайлоодон орустардын хакерлеринин жана ФБР башчысынын катынан улам утулуп калганын билдирди. Ошондой эле Хиллари айым өзүн президент Дональд Трампка “каршылык көрсөтүүнүн бир бөлүгү” экенин айта кетти.“Эгерде шайлоо 27-октябрь күнү өткөндө, мен силердин презинтиңер болмокмун, - деди ал Си-эн-энге берген маегинде. – Эгерде ФБРдин башчысы Джеймс Коминин каты менен орустардын WikiLeaksти пайдаланып, көпчүлүк элдин башын айландырбаганда, мен сөзсүз жеңет элем” – билдирди Клинтон. Бул чет өлкөлүк лидер тарабынан болгон “мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишүү” экенин кошумчалады. Си-эн-энге берген маегинде Клинтон кечке эле Дональд Трампты сындай берди, мунусу менен Хиллари айым президенттин чечимдерине гана эмес, жашоо стилине да каршы экенин көрсөтүп койду.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости