www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экспедиция Севостополдун жээгине жакын жердеги деңиз түбүнөн орустардын “Прут” деген минага тосмо коюучу согуш кемесин табышты, кеменин экипажы биринчи дүйнөлүк согуш учурунда немис-түрктөрдүн "Goeben" крейсерине багынып бербөө үчүн өздөрү кемени чөктүрүшкөн, деди РИА Новостиге Чыгыштаануу институнун улук илимий кызматкери Виктор Лебединский. Дүйнөлүк биринчи согушта Түркия Орусияга каршы болуп, Германия тарапта болгон, 1914-жылы түрктөрдүн туусун тагынган эки немис крейсери Севастополго жакын келип, шаарды аткылаган эле. Дал ошондо "Goeben" немис крейсери орустардын “Прут” деген минага тосмо коюучу согуш кемеси менен каршы келип калган, 1914-жылдын 29-октябрында экөөнүн ортосунда айыгышкан согуш болгон эле, дейт экспедициянын катышуучусу Виктор Лебединский. Немис крейсери менен эки түрк мина алып жүрүүчү кемелеринен качып кетүүгө мүмкүн болбой калганда, кеме душманга тийбей калсын деген ниетте моряктар кеменин кингстонун ачып, түбүн жардырып жиберишкен. Экипаждын бир бөлүгү шлюпкаларга олтурууга жетишип, 50 киши набыт болгон. Чөккөн кеме 108 метр тереңдикте жатат, экспедиция сааты чыкса, кемеден экспонаттарды алып чыгып, Севастополдун музейине коюуга ниеттенип жатышат.
Булак: «NazarNews.kg»