www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кудай сакта, азыркы милийса элге гестаподой эле мамиле жасаганы чындык, ай. Наргиза Раджапова деген келин аны Ош шаардык милиция бөлүмүндө зордукташып, боюнан түшкөнү боюнча айтып берди. Мыйзамды одоно бузуп, күнөөнү кыйноо жолу менен мойнуна алдырып, күйөөсү менен уулун садага чабышыптыр кызыл шапкечендер. Ушул жумада эле 20 жаштагы кызды Кара-Балтада милийса бөлүмүнүн ичинде бычактап өлтүрүп, төшүнө “Б+Н” деп жазып койгону дүйнөлүк чоң резонанс жаратып, Бириккен Улуттар Уюму дагы реакция кылганга үлгүрдү.
Бирок, кебелбеген кыргыз бийлиги дагы деле унчукпай, жымжырт. Жаңы-эски министр Кашкар Жунушалиев билек түрүнүп, аял кишиге целлофан пакет кийгизип, чатына баклажка тыккандарды түрмөгө тыгып, формачандарды эл үчүн иштетпесе, формачандарга болгон ишеним өлүп баратат. Бул көрүнүш улана берсе, мындай милийсанын болгонунан болбогону артык деп чыккандар көп болот.
Булак: "Жаңы Ордо"