www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 2,4 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Бул чечим республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап кылгандыктан кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан бөлүнгөн акчаны жана ооруканада дарыланып жаткан балдарга арналган белектерди кечээ, 1-июнда — Балдарды коргоонун эл аралык күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости