www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 24-ноябрь күнү 18:30 чамасында Аксы районунун 56 жаштагы тургуну РИИБдин 102 номерине телефон чалып, Кербен шаарында жашаган 1971-ж.т. К.Ж. аттуу карындашын өзү жашаган үйүнүн бөлмөсүндө билгисиз бирөө тамагынан чачыктуу жолук менен муунтуп өлтүргөндүгүн кабарлаган.

Маалымат боюнча РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүлүп, фото  таблицалар түзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Топтолгон материалдар 2020-жылдын 24-ноябрында Аксы РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү
экспертизалар дайындалган.

Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын башында кандын уюп калган калдыктары жана жанчылып жарылган жарааты, ошондой эле мойнунда муунтулган көгөргөн издери байкалган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Аксы РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында, аталган оор кылмыштын бетин изин суутпай ачуу максатында тийиштүү кызматкерлерге кылмышты жасаган адамды аныктоо жана башка күбөлөрдү тактоо боюнча тергөө тапшырмалары берилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Аксы РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 26-ноябрь күнү Ош облусунун тургуну 1982-ж.т. Т.Ф. Ош шаарында убактылуу жашап жаткан батиринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Ф. Аксы районунун тургуну К.Ж.ны өлтүрүп, анын алтын буюмдарын, кол телефонун алып, андан кийин Ала-Бука районуна барып, ошол жерден жеке таксиге отуруп Ош шаарына баргандыгы белгилүү болгон. Ал жактан алган алтын буюмдарын жана кол телефонун сатып, Ош шаарында убактылуу берилген көп кабаттуу үйдүн батирин ижарага алып, эч кайсы жакка чыкпай, эч ким менен байланышпай жашырынып жаткандыгы жана керектүү нерселерди такси кызматы аркылуу алдырып жашап тургандыгы аныкталган. Жактоочунун катышуусунда Т.Ф. суракка алынып, кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган жана болгон окуя боюнча толугу менен көрсөтмө берген.

Шектүүгө карата Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.

Последние новости