www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Сотко Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев алып келинген.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон үч кылмыш ишин бириктирип, сотко чейинки бир өндүрүш катары кароону чечкен. Анда Кой-Таш окуясы, Кой-Таш айылындагы жерлер боюнча коррупциялык иштер жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иштери бириктирилген. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости