www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге тапшырышканын келемиштин колуна капканды карматып ишке салганга салыштырып жатышат. Мындай салыштырууларды Атамбаевдин “Апрель” каналынын берүүсүнөн көрүүгө болот.
Кабарчы бул долбоорду Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ИИМге тапшырганын, “бул көптөгөн эксперттердин айтымында өкмөттүн башкы катачылыгы болгонун жана ушундай ишти милицияга тапшыруу келемиштерге чычкан кармагыч карматып койгонго тете болгонун” баяндайт.
Билгенге “көптөгөн эксперттердин пикирлерин” чогултуп келип өз оозунан чыгарган кабарчынын мындай салыштыруусу жалпы милиция жамаатына тагылган одоно "ярлык" болуп эсептелет.
Чындыгында ИИМ өзүнүн “крысалыгын” моюндайбы же мындай салыштыруулардын алар үчүн мааниси түгөп бүткөнбү, айтор милициядан эч кандай реакция жок.
А мүмкүн эч бир милиция “Апрелди” көрбөйбү? Мүмкүн, мындай статистиканы да күтсө болот. Бирок, ИИМдин бул унчукпас кебетеси “аларда чындап эле “келемиштер” иштейби же кызыл шапкечендерде ар-намыс деле калбай калганбы?” деген шекшинүүнү туудурууда.
Булак: NazarNews.kg