www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат Нурбек Токтакунов акыркы мезгилде чуулгандуу иштери менен атагы чыгып келе жаткандыгы маалым. Ага карабастан Сапар Исаков аны өзүнө жактоочулукка жалдады. 
Адвокат-укук коргоочу коррупциялык жаңжалдар жаатында рекорд жараткан Исаковду абактан бошотууга аракет жасаарын жарыялады. Ал аракет кандай жыйынтык менен аяктаарын убакыт көрсөтөт. Ошентсе да темадан алыстабайлы. Анткени, Токтакунов тууралуу азыр кызыктуу маалыматтар белгилүү болуп жатат. Мисалы, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборунда сакталган оору таржымалына көз чаптырсак, анын постреабилитациялык мезгилдеги жүрүм-турумуна ачуусу чукул, агрессивдүү, өөдүк-сөөдүк абалда деп мүнөздөмө берилет. Коомдук жерлерде мушташ чыгаруусу, мас абалында машина айдагандыгы, богооздугу жана башка ээн баштык аракеттери кошумчаланат.
Анын кесиптештери жана кесипкөй троллинг менен алектенгендер Токтакуновдун жеке касиеттерине асылуунун эмне кереги бар деп айтуулары да мүмкүн.
Биринчиден, баяндоолордун этикалык ыкмаларын эске алганда адамдын жеке керт башына асылуу же тийишпөө боюнча эрежелер бар. 
Юристтердин кесип боюнча жана андан тышкары учурдагы жүрүм-турум эрежелерин эч ким жокко чыгара элек.
Экинчиден, нравалык-психологиялык сапаттардын арасынан салыштырганда юрист өнүккөн калыстык, адилеттик жана жогорку иш билгилик касиеттерге ээ болушу шарт.
Тилекке каршы, ашкере пиарланып кеткен Токтакуновдун кесипкөйлүк касиеттерин калбырга салыштырууга болот.
Ал кесипкөй эмес. Мамлекеттик түзүмдөрдөгү иш кагаздарды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө кымындай да түшүнүгү жок. Ушундан улам өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан мурдагы жогорку даражалуу кызмат адамынын кызыкчылыктарын коргоого чаласабат юристти эмнеге жалдашты деген суроо жаралат. Бул жерде атагы таш жарган, юридикалык талашта туңгуюктан жол тапкан жактоочу жөнүндө кеп жок, “жогору бааланган” адвокат бери дегенде документти окуй билиши керек го?
“Макулдашуу” менен “келишимди” чаташтырбай, мамлекеттик заказды лицензиялык келишимден айырмалай билүү зарыл. Оңду –солду калкыбай “жактыруу”, “бекитүү”, “кабыл алуу”, “жан тартуу” жана “кошулуу” деген түшүнүктөрдүн маанисин, ким кол коюуга укуктуу, кимдики жок, укуктарды ыйгаруу менен милдеттерди бөлүштүрүүнү ажырата билүү, жооптуу аткаруучу катары чиновниктин милдеттерин өздөштүрүү керек. 
Чуулгандуу коррупциялык айыптоо боюнча Токтакунов аракеттенип жаткан коргоо линиясына көз чаптырсак, ал бийликтин жогорку эшелонундагы иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери менен тааныш эместигин баамдоого болот. Билбейт деп түз айтса деле жарашат. 
Эң өкүнүчтүүсү Токтакунов өзүнүн иш билбестигин эл алдында көрсөтүүдөн эч уялбай жатат.
Социалдык түйүндөрдө “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоорун реализациялоо келишими тууралуу чыныгы “согуш” күчөп турат. 
Токтакунов бул жаңжалдуу коррупциялык иштерге катышкан башкы жүздөрдүн айланасында өзү да биротоло адашып, башкаларды да адаштырууда. 
Юрист ыйгарым укуктарды аныктоо, келишимдик демилгелердин процедуралары, даярдыктары жана келишимди кытайлык ТВЕА компаниясы менен кабыл алуулардын күңгөй-тескейлерин аныктоодо коомчулуктун башыне айлантууда. 
Баарынан кызыгы Токтакунов баардык үнөөнү мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге ачык эле оодаргысы келип турат. 
Кантип эле Токтакунов кытайлык ТВЕА компаниясы менен кредиттик келишимди даярдоого энергетика министрлигинин эч кандай тиешеси болбостугун билбей калсын. 
Эл аралык мыйзам боюнча документти жардам көрсөтүп жаткан уюм даярдайт. Бул кырдаалда келишимди кытайлык “Эксимбанк” даярдаган. Ага кол коючу энергетика министри болушу керек эле, бирок өкмөт тарабынан кол коючу финансы министрлиги болушу керек деп чечилген. Баса белгилейм: кредитти алуу боюнча келишимдин кол коючусу болуп. 
Ал эми башка документ, анын ичинде борбордук ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимге Электрдик станциялар менен ТВЕАнын ортосунда кол коюлган. 
Бирок, Токтакунов ага карабай эле “Артыкбаев бул кара жолтой келишимге кол койгон” деген өзүнүн тар көз карашынан чыга албай жатат. 
Бул эмне? Ачык эле аңкоолукпу же атайылап жасалган аракетпи? Токтакуновчо жалган айтуу кантип эле коомдук пикир жаратып салсын. 
Себеби, кредитти алуу боюнча келишимге жана модернизациялоо боюнча келишимге да энергетика министрлигинин эч кандай тиешеси жоктугу эң сонун эле көрүнүп турбайбы. 
Эч ким Артыкбаевди калкалаган жок. Кеп мында эмес. Бирок, өзүнүн милдеттерин аткарууга киришээрден мурун тараптардын коргоочулары документтерди бир сыйра окуп алышы керек. Эмнеге соту жок, тергөөсү жок эле кимдир-бирөөнү айыптай бериш керек. 
Эң күлкүлүүсү Токтакунов минтип жазат: “Артыкбаев кол койгон ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорусуз, ТВЕА менен Электрдик станциялардын ортосундагы келишим, ошондой эле финансы министрлиги менен Эксимбанктын ортосундагы кредиттик келишимдин эч кандай күчү болмок эмес”. 
Бул эмне кезектеги галлюцинациябы? Мындайды жазыш үчүн канчалык деңгээлде галлюцинация болуш керек? 
Соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары: “министр кантип мыйзам долбооруна кол коюшу мүмкүн?” деген акыйкат пикирлерин жазышты. 
Токтакуновдо өтө оор психикалык жабырлануу болуп атканы көрүнүп турат. 
Ал С. Исаковду эркиндикке алып чыгууга жетишүү ниети тууралуу билдирди. 
Эпатаждуу адвокаттын кадамы өзгөчө күтүүсүз деле көрүнбөйт: кара санатайлар жана адам өлтүргүчтөрдү сотто өзүнүн өзгөчөлөнгөн шыгы менен коргоп жүрүп Токтакунов мурда эле “шайтандын адвокаты” деген каймана атка ээ болгон. 
Өзүнүн юридикалык карьерасында Токтакунов өз убагынын ашынган шүмшүктөрү менен кызматташууга үлгүрдү. Анын көбүрөөк белгилүү кардары бул – Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик агымды колдогон одиоздуу уюмдун жетекчиси Азимжан Аскаров болду. 
Бүгүнкү күндө Токтакуновдун кардарлар базасы байкалаарлык кеңейди. Ал эл аралык жаңжалдарга аралашкан адам өлтүргүчтөргө жардам берди, ал эми бүгүнкү күндө мурдагы президент А. Атамбаевди да саясий куугунтуктан коргоого даяр экендигин жашырбайт. 
Токтакуновду ылгабастыкка айыптай берсек болмок, бирок бул кырдаалда тескерисинче болуп турат: адам табиятынан уятсыз болушу мүмкүн, бирок мындай убакта аябай ылгайт. Токтакунов белгилүү каргыш тийгирлердин кызыкчылыгын коргоо менен өзүнө атак-даңк алып келе алды. 
Токтакунов жана анын катарындагы укук коргоочулар тээ мурда эле өздөрүнүн күмөндүү “профессионалдык” амбициялары үчүн бир бүтүн мамлекетти күрөөгө коюп коюшкан. Алар “чоң акчалардын” туткундары болуп калганын жашыруу кыйын. 
Лирикалык чегинүү иретинде кошумчалап кеткибиз келет, Атамбаев өзүнүн айланасына Мээрбек Мискенбаев, Гүлзат Мамытбек, Лейла Саралаева, Дима Ложников сыяктууларды чогултууда... Эми болсо Токтакунов да алардын катарына кошулду. 
А булардын баарын АША менен эмне бириктирип турушу мүмкүн? Бул азырынча клиникалык жагдай эмеспи же? Клиника? 

Кыргызтудей сайтынан кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости