www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир да бала жок. Бул тууралуу бүгүн шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
«Убактылуу адашып же үйдөн чыгып кеткен балдардын баары ата-энесине кайтарылган» деп билдирди ички иштер башкармалыгы.
Ушундай эле билдирүүнү Жалал-Абад милициясы да таратты.
Бир нече күндөн бери Интернетте, айрыкча «WhatsApp» аркылуу «Курман айтка карата жаш балдарды уурдап кетип жатышат. Арасында ар улуттун өкүлдөрү бар. Андай балдар жүздөп саналат» деген аудио тарап жатат.
Милициянын айтымында, «мындай жалган маалыматты айрым адамдар жашыруун ат менен социалдык түйүндѳр аркылуу таратып, калк арасында дүрбѳлѳң салууга аракет кылууда».
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”