www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө үчүн бир партиялуу системаны кабыл алуу Кыргызстанды өнүктүрүүгө эң негизги түрткү боло алат. Анткени, ошондо гана кыргызстандыктар бийликтин булагы болуп саналган бирдиктүү эл болот. Мындай пикирди КР Президенттигине экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов дагы карманат.

- Мамлекеттин бардык органдарында жетекчилерди дайындоо жана бошотуу үчүн сиз премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнүн кандай жакшы жактарын көрүп жатасыз?

- Буга таптакыр жол берүүгө болбойт, мындай саясат коомдогу адилетсиздикке, коорупциянын дагы өсүшүнө, эл чарбасынын бардык тармактарында жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууларга, бийлик органдарын жана башкарууну жогоруда турган колго мыйзамсыз тартып алууга, Конституциядагы карама-каршылыктарга алып келет, анда премьер-министр эмес, «КРда бийлик булагы жана ээси эл болуп саналат» деп бекитилген. Ошондуктан, ар кайсы саясый партиядан же “депутаттар тобунан” дайындалган убактылуу жогорку кызматтагы чиновниктер эмес, тескерисинче, айыл өкмөтүнүн башчысынан, шаар мэрлеринен тартып өлкөнүн президентине чейин бардык кызматтарды элдин түздөн-түз добуш берүүсү аркылуу биз дайындап жана бошотушубуз керек. Ошондуктан, өлкөнүн Баш мыйзамы миллиондогон элдин статусуна шайкеш келтирилиши керек. Эгер депутат мамлекеттик кызматка барса, анын мандаты кайра кайтаруусуз жокко чыгарылышы керек.

- Эмне үчүн ар кайсы саясый партиядан же “депутаттар тобунан” чыккан жогорку кызматтагы чиновниктер сотторду, прокурорлорду жана башка күч ведомстволорунун начальниктерин кызматка дайындабашы керек?

- Сотторду, прокурорлорду, УКМК, ИИМ башчыларын ар кайсы саясый партиядан же “депутаттар тобунан” чыккан жогорку кызматтагы чиновниктер дайындаганда  жарандардын бузулган укуктары дээрлик эч качан калыбына келтирилбейт. Ал эми соттор, прокурорлор жана башкалар алардан толук көз каранды болот жана миллиондогон калк үчүн таптакыр пайдасыз болот. Эгер 1991-жылдан тартып 2018-жылга чейин биз көз карандысыздыкты алган 27 жыл ичинде бир дагы сот, бир дагы прокурор бир дыйканды дагы коррупционерлерден коргой албаса, анда алардын ишмердигине кандай баа берсек болот? Бардык прокурорлорду, сотторду жана башкаларды эл гана кызматка дайындап жана кызматтан бошотуп, чиновниктердин ишинин сапатын баалап, көзөмөлдөй алат. Алар 100% элдин акчасы менен камсыздалат, белгилүү болгондой, “ким төлөсө, ошол заказ кылат...”. Логика боюнча, КР бардык чиновниктери “өзүнүн ыйгарым укуктарын алар рангы бир аз жогору убактылуу кесиптештеринен эмес”, өлкөнүн 6 миллион калкынан ала турганын жакшы билиши керек.

- Көпчүлүк ММКлар  «А. Акаев жана К. Бакиев, алардын пикиринде, мамлекеттик режимдин алдоосунун жана саткынчылыгынын курмандыктары болуп санала турганын» айтышты жана жазышты. Сиз буга байланыштуу кандай ойдосуз?

- Эгер биздин экс-президенттер А. Акаевдин жана К. Бакиевдин пикирин баалоо үчүн ММК маалыматтарына жана региондордогу жарандардын ар кандай категорияларынын корутундуларына таянсак, анда “биз көз карандысыздыкты алган 27 жылда бардык прокурорлор жана бардык соттор бийликтин жогорку эшалонуна, башкача айтканда, бардык төрт экс-президенттин жана эсеп боюнча бешинчи КР президентинин айланасындагыларга башкасын кой, эскертүү дагы жасашкан эмес. Биз эгемендүүлүктү алган убакытта президенттердин айланасындагылардын күнөөсү тууралуу кыргыз сот адилеттигинин бир дагы өкүмү чыккан эмес, ушундан улам, алар экс-президенттердин алдында дагы, ошондой эле КР мыйзамдарынын алдында дагы таптаза”. Өлкөдөгү объективдүү калыптанган (революциялык-саясый) жагдайларга негизденүү менен жана биздин жарандардын пикирин эске алуу менен экс-президенттердин корутундуларына кошулам. Алар өздөрүнүн айланасындагылар түзгөн мамлекеттик режимдин курмандыгы болуп саналат. Буга байланыштуу КР Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Алмазбек Курманалиев туура айтат: «Падышаны жөкөрлөрү падыша кылат. Жардам бериши мүмкүн же кулатышы мүмкүн...».

Чынын айтсак, региондогу бардык жарандарды кызыктырган маселе: “Бийликтин Жогорку эшалону, башкача айтканда, бардык КР беш президентинин айланасындагылар кантип дайыма таза бойдон калууда?”.

- Сиз оппозицияны жана саясый партияларды сынга албайсыз. Ошол эле учурда сиз оппозицияга же саясый партиялардын катарына кирүүгө принципиалдуу каршы болуп келесиз. Эмне үчүн?

- Көз карандысыздыкты алган күндөн берки оппозициянын жана бардык саясый партиялардын беделин, ордун жана ролун эл менден жакшы билет. Менин көз караштарым жана каалоом бардык региондордогу жарандардын каалоолору жана кызыкчылыктары менен дал келет – бул тегинен жана дининен көз карандысыз, КР 6 миллион калкынын жалгыз бир партиянын айланасындагы биримдиги жана ынтымагы. Эч качан оппозицияда болгон эмесмин, саясый партияда турган эмесмин, азыр дагы алардын катарына кошулуу ниетим жок. Мындай ишмердик менин ички ынанымдарыма карама-каршы келет, ошондуктан өмүр бою мекендештеримди оппозициянын же партиянын катарына кошулууга түрткөн эмесин, бийлик аркылуу олигарх же мультимиллионер болуу үчүн ага умтулбайм.

- Айтсаңыз, сизде бул ынанымдар кайдан пайда болду?

- Менин ынанымдарым жарандарынын саны 250 000 000 миллион адамдан ашкан СССР аталган дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттин ишенимдүү идеологиясы менен түптөлгөн. Бир бирдиктүү күчтү жалгыз бир партия жетектеген. Биздин аталарыбыз жана апаларыбыз каармандык жеңиштери менен биз үчүн мааниси боюнча бардык дүйнөлүк БРЕНДДЕРДЕН миллион эмес, миллиард эсе жогору турган, анык БРЕНДДи түзүшкөн. Себеби, сөз жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүүгө байланыштуу брендге айланган компания тууралуу эмес, бирдиктүү жана күчтүү өлкө тууралуу болуп жатат.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер “Жаңы курс” программасына байланыштуу КР жана РФ ММКларына берген интервьюсунда төмөндөгүдөй айтышкан: «Кожогулов чейрек кылымдан бери баарыбызга анык БРЕНДДИ талыкпай сунуштап келет, ошондуктан бардык жети региондо анын сунуштары элдин толук колдоосуна татыды. Жаңы курс – бул Жаңы СССР, бул аны илгерилетүү үчүн жарнамалык ураан. Кожогуловдун программасы бүтүндөй калкка керек».

Ата-энелерибиз биримдиктин маанисин жана жалгыз бир партиянын баасын билишкен. Алар биздин биримдигибизди жана жыргалчылыгыбызды каалап, “жалгыз бир партия гана тегинен, улутунан жана дин ишениминен көз карандысыз, мыйзамдуулукту, тартипти жана азыркы жана келечектеги муундун коопсуз жашоосун камсыздоо боюнча туура курсту жүргүзө ала турганын” биздин жүрөгүбүзгө сиңиришкен. Убактылуу артыкчылыкка ээ болгон чиновниктердин айрым топторунун эмес, төрт миллиард калктын бардык категорияларынын жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуу менен өлкөдө 70 жыл аралыгында бирден ашык партиянын болушуна тыюу салып келишкен. Анткени, мамлекетте жок эле дегенде эки партиянын болушу биримдик жана ынтымак тууралуу сөз кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Эл байлыкка жана бийликке умтулган коррупционерлердин пайдасына эки элдешкис “мамлекетке” бөлүнүп калат, ошондуктан бизди төрөп жана тарбиялаган ата-энелерибиз жана алардын башчылары өздөрүнүн балдарынан жана неберелеринен акылдуу болушкан.

- Ондогон жылдар аралыгында натыйжалуу иштеген СССР түзүлүшүнүн аналогу барбы?

- СССРдин аналогун бүтүндөй планетадан биз таба албайбыз. Дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде бул бардык категориялар жана катмарлар үчүн бирдей деңгээлде реалдуу диктатураны жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого жөндөмдүү мамлекеттик башкаруунун мыкты системасы. Бул кепилденген жумушчу орундары жана эмгек акы; эптеп күн көрүү үчүн эмес, нормалдуу жашоо үчүн пенсиялык камсыздоо; күчтүү кесиптик кошуун уюму; адилеттүү баа саясаты жана жарандардын бардык аманаттарын сактоо; дүйнөдөгү жалгыз оппозициялык чөйрө үчүн негиз жок болгон өлкө; мамлекеттин бардык субъекттери анын камкордугу алдында болот; бүтүндөй калктын кызыкчылыгында коопсуз жашоону жана ишенимдүү тартипти камсыздоого жөндөмдүү мамлекет; каалаган агрессорго сокку бере ала турган дүйнө жүзүндөгү жалгыз держава.

ЭЛДКР жана улуттар азыркы жана келечектеги муундардын кызыкчылыгында биримдикти жана жалгыз партияны КӨЗДҮН КАРЕГИНДЕЙ сактоо жана коргоо менен дайыма туура жолдо болот.

- Сиз жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эң туруктуу, кубаттуу жана күчтүү режимди түзүүнүн үстүнөн иштеп келесиз. Айтсаңыз, сиздин кандай пландарыңыз, милдеттериңиз жана максаттарыңыз бар?

- Менин планымда референдум аркылуу КР Конституциясында бекитүү үчүн коомчулуктун сынына коомдун жетектөөчү жана багыттоочу күчү катары мамлекетти башкаруунун бир партиялуу системасын чыгаруу каралган. Элдин партиясы элдин диктатурасын жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо боюнча өлкөдөгү бардык саясый система үчүн өзөк болушу керек. Менин милдетим – оппозициялык чөйрө үчүн негиз дагы калтырбай, мамлекеттин ишмердигинин бардык багыттарында жана чөйрөлөрүндө кыска мөөнөттө коррупцияны реалдуу жана толук жок кылуу үчүн Кыргызстан элин күчтүү укуктук база менен камсыздоо. Менин максатым – элдин партиясын президенттин, премьер-министрдин, парламенттин, күч түзүмдөрүнүн, анын ичинде прокурорлордун жана соттордун үстүнөн КРнын 6 миллион калкынын башкы координациялоочу жана көзөмөлдөөчү рычагга айландыруу. 70 жыл натыйжалуу иштеген бир партиялуу системада жашаган биздин аталарыбыздын жана энелерибиздин түзүлүшүнө окшош күчтүү башкаруу системасын түзүүнүн үстүнөн иштеп жатам.

- Сиз эч качан мекендештериңизди каршылык көрсөткөндөрдү колдоо үчүн аларга кошулууга чакырган эмессиз. Көйгөйлөрдү чечүүнүн механизми катары митингдерге жана революцияларга карата сиздин мамилеңиз кандай?

- Ар кандай демонстарциялар жана каршылыктар менен биз эч качан баарына тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү, анын ичинде мамлекеттин ишмердигинин бардык чөйрөсүн, прокурор жана сот органдарына чейин камтыган коррупцияны чече албайбыз. Бул жаатта каршылык көрсөткөн кыргызстандыктарды колдоого караганда менде кыйла олуттуу милдеттер жана максаттар бар. Мен мекендештеримди мындай кампанияларга катышуу менен Адашууга алып баргым келбейт. Митингдерге жана революцияларга байланыштуу бизди СССР КГБ жана СССР ИИМ Жогорку мектептеринде конкреттүү мисалдарды көрсөтүү менен адамдар кесепети тууралуу ойлонбостон, революциялардын жана митингдердин аркасында уурулардын алдоосунун курмандыгы болуп калганын окутушкан.

- Атайын кызматтардын ЖОЖОда окуу кадимки ЖОЖда окуудан эмнеси менен айырмаланат?

- Окуялардын анын ичинде саясый окуялардын чордонунда туура багыт алуу үчүн атайын кызматтар үчүн кызматкерлерди даярдоо боюнча программалар мамлекеттик башкаруунун системаларын (жана режимдерин) толук изилдөөнү карайт. Мамлекеттик органдардын бардык түрлөрүн (аларды башкаруу) горизонталынан, вертикалынан кылдат изилдөө (түзүмү, компетенциясы, милдеттери)... Адамдар ал жакта “өзгөчө” ишмердүүлүккө даярдык предметине “табигый” тандоодон өтүшөт, “энесинин балдары” бул окуу жайлардан чыгарылат, “жөнөкөй” (кадимки) ЖОЖна которулат. Атайын кызматтын кызматкерлерин дайындоодо керектүү кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Депутаттык корпусту (айылдыктан тартып жогорку кеңешке чейин) түзүү маселелерине, алардын зарылдыгы жана максатка ылайыктуулугу предметине маанилүү орун берилет... Бул ЖОЖдун милдеттеринде кадимки ЖОЖда эч качан болбой турган, өзгөчө (атайын) шарттар түптөлгөн.

- Талгатбек Ашыркулович, атайын кызматтын кызматкерлерин мамлекеттин кайсы ишмердик чөйрөсүндө колдонуу натыйжалуу болот, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде буга мисал боло турган учур барбы?

- Бардык мамлекетте атайын кызматтар гана чиновникти (же чиновниктерди), анын ичинде прокурорлорду, салыкчыларды, бажы кызматтарынын начальниктерин, сотторду, райондук администрациянын башчыларын, губернаторлорду, министрлерди, депутаттарды, өкмөт мүчөлөрүн, жогорку эшалонго чейин “иштетүүгө” алышат. Аларды дал ушундай жана башка маанилүү милдеттерди аткаруу үчүн атайын даярдашат. Бул ведомстволор (ИИМ жана КГБ) республиканын масштабында элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгында ички жана тышкы коопсуздукту камсыздоого багытталган. Бул кызматтардын кызматкерлери өзгөчө шарттарда иштөө үчүн даярдыктан өткөн, жогорку квалификациядагы адистер болуп саналат жана каалаган чөйрөдө, башкача айтканда прокуратурада, сотто, бажы кызматында, салык кызматында, полицияда, райондук жана облустук администрацияларда, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде колдонулушу мүмкүн, ошондой эле парламенттин депутаттары жана төрагасы, заводдордун жана фабрикалардын гана эмес, маанилүү стратегиялык объекттердин дагы жетекчилери болушу мүмкүн. Аларды мамлекеттин ишмердигинде пайдалануунун натыйжалуулугу көз карашында төмөндөгүлөрдү айта алам: “Бул ведомствонун кызматкерлерин мамлекеттин ишмердигинин негизги багыттарына, өлкөнүн жетекчилигине чейин дайындоо максатка ылайыктуу болот. КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги көрүнүктүү мисал катары Гейдар Алиевди (Азербайжан Республикасы, күч түзүмдөрүнүн өкүлү, кадрдык чекист, КГБ офицери) Азербайжандын башчысынын кызматына киришкенден кийин жетектөөчү номенклатуралык кызматтарга  1 983 КГБ кызматкерин дайындаган жана бир жылда Баку шаарында тартипти орноткон), андан кийин Ильхом Алиев (Азербайжандын президенти, башкаруу тизгинин колуна алып, өз өлкөсүн туура курс боюнча жетектеп баратат). КМШ өлкөлөрүнүн ичинде экинчи мисал катары: Владимир Путинди карасак болот (Россия Федерациясы, күч түзүмдөрүнүн өкүлү, кадрдык чекист, КГБ офицери. Атайын кызматтар федерациянын өзүн гана эмес, анын ишмердигинин бардык багыттарын көзөмөл алдында кармап келет).

- ИИМ жана КГБ кызматкерлери эмнени жактырышпайт? Бул ведомстволордун кызматкерлеринде эмне жалпылык бар?

- Алар саткынчыларды жек көрүшөт. Мындай категориялар коом үчүн байыркы заманда дагы эч кандай баалуулукка ээ болгон эмес. Бардык убакта “чычкандын кыймылы” жек көрүүнү пайда кылат. Алардын пайдасынан, зыяны көп. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн жактоочулары менен анык алдоо жана афера менен алектенишет. Жасалга документтерди пайдаланып, өлкөнүн Жогорку сотуна чейин көптөгөн мамлекеттик инстанцияларды атайлап Адашууга алып келип, өзүнүн пайдасына мыйзамсыз токтомдорду жана чечимдерди алышат. Бул алдамчылар курулуш компанияларынын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, коммерциялык банктардын таза эмес жетекчилери менен көмүскө сүйлөшүп алышып, эксперттерди (соттук-медициналык, аудитордук, техникалык, колжазма таануу...), нотариалдык конторанын, мамкаттоонун кызматкерлерин, сотторду, прокурорлорду сатып алуу менен “иштешет”. Жыйынтыгында бул акмактар өздөрүнүн курмандыктарынын (ак ниеттүү жана мыйзамды сактаган жарандардын) укуктарына, алардын байлыктарына, үйлөрүнө, батирлерине, акчасына мыйзамсыз ээлик кылуу менен, адамдардын тагдырын “тебелеп”, алардын башын жана сөөгүн аттап өтүшөт... Мындай акмактарда уят деген нерсе болбойт.

Эгер “Бул ведомстволордун кызматкерлеринде эмне жалпылык бар” деген суроого токтолсок, анда деп жооп берет элем: “Аферисттерди, саткынчыларды жана алдамчыларды жазалоо ИИМде дагы,  КГБда дагы жакшы иш катары эсептелет”.

-Аферисттердин жана алдамчылардын таасирдүү колдоочусу болсо кандай кылабыз?

- Эреже болгондой, эч ким эч кимди жөндөн жөн камкордукка албайт, ошондуктан аныктоо керек – эгер алардын таасирдүү колдоочулары өзүнүн кызыкчылыгына ээ болсо же алдамчылар менен бүтүм жасаса, анда алар дагы аферисттер.  Буга байланыштуу “Досуң ким экенин көрсөтсөң, мен сенин ким экениңди айтам” деген накыл кеп бар.

- Көп партиялуу өлкөдө кырдаал каалаган учурда көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенине конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы?

- Эгер биздин көп партиялуу өлкөдөгү саясый кырдаалга байланыштуу сөз кылсак, анда ал дайыма “оюнчулар” адекваттуу болбогон, ал эми амбицияларын алдын ала айтууга мүмкүн болбогон, ок дары салынган челекти эске салат. Анда региондордогу калктын кызыкчылыктары эске алынбайт. Ошондуктан, кырдаал каалаган учурда көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн, жыйынтыгында эл президентке жана анын жетектөөчү партиясына карата өзүнүн мамилесин бир күндө же бир түндө өзгөртүшү мүмкүн. Мисалы, президент Аскар Акаев өзүнүн «Алга, Кыргызстан!» жетектөөчү саясый партиясы менен, аялы жана балдары менен бир түндө (2005-жылдын 24-марты) 6 миллиондогон калктын душманына айланган, аларды өлүмдөн Россияга чыгып кетүү гана куткарып калды. Экинчи мисал – президент Курманбек Бакиев өзүнүн “Ак жол” партиясы менен бир күндө эл душманына айланган. Бул экс-президенттердин каргашалуу саясый карьералары – КР бардык саясый партияларынын ойлонуусу үчүн олуттуу негиз болот.

- Сиз жазык мыйзамдарына Мекенге чыккынчылык кылуу үчүн, казынаны уурдоо (бюджеттик (элдин) акчасын ыйгарып алуу) үчүн, бийликти конституциялык эмес кулатууну уюштуруу үчүн, кыргыз элине саткынчылыгы – коррупция үчүн мүлкүн конфискациялоо менен өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаганыңыз белгилүү?

- КРда ар бир адам эртеңки күнгө ишенимдүү болуп жана өзүнүн үйүндө тынч жашай алышы үчүн, миллиондогон калктын эрки менен бирдей деңгээлде адилеттүүлүктү орнотуу үчүн жарандардын эркин билдирүүгө убакыт келип жетти деп ишенем. Албетте, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТУУРАЛУУ сунуш постсоветтик мейкиндикте жашаган миллиондогон адамдардын кызыгуусун жаратат, анткени коомдогу тартип бардык этаптарда керек. Ошондуктан, жалпы элдик талкууга башка маселелер менен катар бул маселени дагы киргизүүнү өтүнгөм. Бирок, эмнегедир коомдо азыр ПЕДОФИЛДЕРГЕ КАРАТА гана ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ талкууланып келет. Мекенге чыккынчылык кылгандар, казына уурдагандар, бийликти конституциялык эмес кулатууну уюштургандар жана кыргыз элинин саткынчылары – коррупционерлер алардан дагы кооптуу.

Маалымат:

КР Президенттигине экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов республикадагы белгилүү инсан болуп эсептелет. Мамлекеттик башкаруу системасын жана формасын өзгөртүү боюнча конструктивдүү сунуштардын автору. Кыргызстандагы реалдуу лидерлердин бири, анын стратегиясын коомдук ишмерлер жана жогорку кызматтагы чиновниктер гана эмес, региондордогу калктын бардык катмарлары колдошот. Кожогулов Казакстанда жогорку окуу жайынын юридика факультетин «Укук таануу» адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган. Юриспруденция окутуучусу, күч түзүмдөрүнүн (атайын кызматтын) мурдагы кызматкери, мамлекеттик кызматта жана айыл чарбасында иш тажрыйбасы бар жогорку квалификациядагы юрист. Оппозицияда болгон эмес жана бир дагы саясый партияда турган эмес. КР президенттерине Кыргызстанда адилеттүү социалдык, саясый жана мамлекеттик түзүлүштү орнотуу үчүн конструктивдүү сунуштарды киргизген (1991-жылдан тартып 2018-жылга чейин) өлкөдөгү жападан-жалгыз адам.

Жазык мыйзамдарына “Мекенине чыккынчылык кылуу үчүн, бийликти конституциялык эмес кулатууну уюштуруу үчүн, казынаны уурдоо – бюджеттик акчаны (элдин акчасын)  ыйгарып алуу үчүн, кыргыз элине кылган саткынчылыгы - коррупция үчүн – өлүм жазасын” киргизүүнү сунуштаган. Биздин улуттук валютаны киргизгенге чейин, Казакстандын борбор калаасын Алматыдан Астанага көчүргөнгө чейин президент Аскар Акаевге көп максаттуу стратегиялык кадам катары – Баткен облусун КР экинчи борбору кылуу сунушун киргизген. Бишкектеги базарларды, анын ичинде “эски толчокту” шаардыктардын жана коноктордун максималдуу ыңгайлуулугу кызыкчылыгында, санитардык, экологиялык жана өрт коопсуздугун талаптарын камсыздоо максаттарында борбор калаанын сыртына (айланасына) көчүрүү жөнүндө сунуш киргизген

Узак убакыттан бери региондордон мекендешибизге элдин атынан “Армиянын генералы”, “Өлкөнүн ардактуу жараны”, “Эл баатыры”, “Эмгек сиңирген юрист” жана башка наамдарды ыйгаруу үчүн сунуштар түшүп келет.  Басылмаларда Кожогуловдун биографиясынан тарта маанилүү сунуш-пикирлерди камтыган пайдалуу маектери байма-бай жарыяланып келе жатат жана ал Исхак Раззаковдун «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» сөзүн цитата кылуу менен өз позициясын ачык-айкын көрсөтүп, калыстыкты туу туткан инсан, бул анын мекендештер арасындагы жогорку рейтингин баса көрсөтүп турат. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып ММКда, анын ичинде россиялык басылмаларда, КР популярдуу жана өкмөттүк журналдарда Талгатбек Кожогулов тууралуу материалдар (кыргыз жана орус тилдеринде) жарыяланып келет. Республиканын дээрлик бардык региондорунда чынчылдыгы үчүн урмат-сыйга татыктуу болуп келет. Чүй өрөөнүндөгү чынчыл жана барктуу бай-манап-бийлердин тукуму, белгилүү акын Осмонкул Бөлөбалаевдин небереси. Азыркы тил менен айтканда, кыргыз интеллигенциясынан, дайыма элге кам көрүп жана эл арасында сыйга татыктуу болгон бай жана реалдуу жетекчилердин тукумунан чыккан адам. Өлкөдө өзүнүн беделин түшүрбөгөн, жеке пикирин карманган жетекчи катары белгилүү. Окумуштуулар чөйрөсүндө аны “мамлекеттик башкаруу маселелеринде компетенттүү жетекчи” катары таанышат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты коомдук ишмер” жана “Жылдын мыкты меценаты” катары таанылган.

Өзүнүн элине болгон керт башынын камын ойлобогон сүйүүсү үчүн мекендештер Талгатбекти «экинчи Ленин», «кыргыздын Эртугрулу», «кыргыздын Путини» деп аташат. КР Президенттигине экс-талапкерлердин шайлоо алдындагы платформаларынын ичинен Кожогуловдун программасы гана бүтүндөй өлкө боюнча толук масштабдуу жүрөт. “Жаңы курс” программасынын автору катары анын эмгектери көп сыйлыктарга татыктуу болгон.

Виталий ПРИМАКОВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости