www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 4-июлунда КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ош АШКна тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын3-июлундагы № 450 буйругу менен Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Маалымат үчүн: “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын22-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган, соттолгондугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт." 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости