www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерин бычактаган жаран кармалды

Сокулукта милиция кызматкерине бычак саюуга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 27-декабрында Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде бергисиз бирөө үй ээсинин денесине бычак менен жаракат келтиргени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалымат Сокулук РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон дарекке дароо ыкчам тергөө тобу чыккан.

Алдын ала териштирүү учурунда Романовка айылындагы үйлөрдүн бирине кирген жаран белгисиз себептерден улам, уктап жаткан үй ээсинин ич тарабына бычак сайып, жабырлануучу бейтааныш жаран менен кармаша кеткен учурда үй-бүлө мүчөлөрү ойгонуп, алар үйгө кирген кишини кармап калышкан.

Териштирүү учурунда жабырланган үй ээси КР ИИМдин Ленин райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын ага сержанты Н.Т. экендиги такталып, ал Сокулук райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалган шектүү жаран 1971-жылы туулган С.П.экендиги такталып, ал эмне себептен үйгө киргендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazareNews.kg

Последние новости