www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк мамлекеттер уюму түзүлүп жатканда бир да кыргыздын, казактын же түрктүн башка өлкөлөргө каршы турган күчкө айланалы деген ниети болгон эмес. Бул уюмдун пайда болгону эч кимге зыян алып келбейт. Бул тууралуу профессор Сулайман Кайыпов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде бидирди.

-- Жакында эле Түрк мамлекеттеринин уюму түзүлдү. Кээ бир мамлекеттерде ал терс кабыл алынды. Бул уюм кандай уюм, жакшы жакка өнүгөбү же чын эле терс жагы барбы?

- Ушул суроону аябай көп сурашат. Көп киши сурайт - бул түрктөр эмне кылганы жатат деп. Биринчиден, көбү түрк деген сөздү туура эмес түшүнөт. Түрк деген сөздү жалгыз гана Түркия жана түрктөр менен байланышы барлар гана түшүнөт. Ошондо баарыбыз түрк болуп калабызбы деп ойлой берет. 1923-жылы түркиялыктар өздөрүн “түрк” деп атагандан баштап эки мааниге ээ болду.

Аны орус терминалогиясына киргизип “турки” деп атаган. Бизди болсо “тюрки” дейт. Бирок экөө эки башка түшүнүк. “Тюрки” - түрк тилдүү калк, а “турки” - түркиялык эле түрктөр. 2009-жылы “Түрк кеңеши” деген ачылды. Мурда түрк тилдүү өлкөлөрдүн консейи деп аталчу. Жакында эле Түрк тилдүү өлкөдөрдүн эмес, Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталды.

Элдик түшүнүккө караганда, бул саясий арена. Талкуу боло турчу маселеге айланды. Бул Европа бирлиги сыяктуу, Түрк бирлиги курулуп жатабы, эски Советтер союзу сыяктуу өлкө чыгып жатабы, борбору Стамбул болобу, булар кимге каршы турат деген суроолор туулуп жатат. Мен адаамзат кайда бара жатат деп таң калам. Анткени, ушул түрк элдери мындан 1000 жыл мурда эле бир улут болчу.

Бир маданияттын ээси эле, бир тилде сүйлөчү эле. Бүгүн ошолорду эстеп, ушунун негизинде өлкөлөр биригип, өздөрүнүн экономикасынын көтөрүп, өздөрү бактылуу болуп, башкага бактылуулук тартууласа жаманбы? Эң негизги суроо  -бул уюм кайсы күчкө каршы курулуп жатат деген болуп жатат. Ушул уюм түзүлүп жатканда бир да кыргыздын, казактын же түрктүн башка өлкөлөргө каршы турган күчкө айланалы деген ниети болгон эмес. Бул уюм пайда болгону эч кимге зыян алып келбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости