www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы зордуктоого аракет кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-октябрда болжол менен саат 04:40 чамасында Бишкек ш.ИИББнын “102” кызматына зордуктоого аракет жасады деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1990-жылы туулган Д.М аттуу аял арыз менен кайрылган.

Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 04:20 чамасында арыз ээсиниин үйүнө белгисиз жаран мас абалында кирип зордуктоого аракет жасалып, ал адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Көрүлгөн ыкчам издөө жана иликтөө иш чараларынын натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Свердлов районунун ИИБнын Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости