www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бүгүн шайлоо маселеси талкууланган жыйын өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, белгилүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, укук коргоочулар катышты.

Жыйында 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына алып келген себептер жана жагдайлар, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланууда. Шайлоонун ыплас өтүшүнө себеп болгон негизги жагдай катары №2 форманын өтө көп колдонулушу, атаандаштык шартын түзүүгө жети пайыздык шайлоо босогосу жана беш миллиондук күрөө тоскоолдук болгону айтылды.

Эске салсак, шайлоодон кийин Бишкекте нааразылык акциясы өтүп, башаламандык башталган. Анын натыйжасында өлкөдө бийлик алмашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости