www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жыл – «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан көптөгөн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо, кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бул иш-чараларга райондук администрация, прокуратура өкүлдөрү, балдарды коргоо, билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери катышууда. 

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана мектеп рекетчилигинин алдын алуу максатындагы окуучулар арасындагы спорттук иш-чара Базар-Коргон РИИБи жана райондук спорт комитети тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдешке Базар-Коргон, Кеңеш, Бешик-Жон айыл аймактарынан жалпы 7 команда катышып, 1-орунду Бешик-Жон айыл аймагынын окуучулары утуп алышты. Жеңүүчүлөргө ардак громаталар жана спорттук топтор ыйгарылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости