www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия бере баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, өкмөттүн 2020-жылдын 24-январындагы № 30 токтому менен этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле алкоголдук продукцияны сатууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.

Салык кызматы этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүң жана чекене сатууга) лицензия бере баштайт.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын аягында Мамлекеттик салык кызматына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо функциялары өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости