www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын  26-февралында болжол менен саат  18:45 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен  Ибраимов көчөсү  менен  түндүк тарапка бара жатып, Москва көчөсүнүн  кесилишинен 2016-жылы төрөлгөн жөө жүргүнчү  З.Н. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. 

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында  Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 12-марттында ”Audi A6” үлгүсүндөгү  автоунаанын айдоочусу  1995-жылы туулган М.О. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ш. ИИББнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда  автоунаа айып төлөөчү короо жайга токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости