www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарынан жайылган вирус 145 миң адамды жабыркатты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайда 14-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 962 адам жабыркаса, 51 миң 553 жаран сакайып, 3189 адам каза болду.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 145 миң 360 адам жабыркап жатса, каза болгондор 5 миң 416га жетти. Ал эми айыккандардын саны 70 миң 296 адамды түзөт.
Италияда жуктуруп алгандар - 17 660, каза болгондор - 1 266, сакайгандар-1439. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Иранда жуктургандар - 11 364, каза болгондор - 514. Вирустан 2 959 жаран сакайган. Бул көрсөткүч менен Иран Кытайдан кийинки эле сакайып кеткендердин ордун толуктады.  
Ал эми Түштүк Кореяда 8 миң 86 адам жабыркап, 72 жаран каза болгон, 510 жаран сакайган.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости