www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңеш Тайлаков NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып, улуттук валютанын туруксуз абалында базар бааларына мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

-Өкмөт тарабынан көзөмөл жүргүзөбүз. Бул боюнча өкмөттүн № 242 токтому бар. Анда социалдык жактан маанилүү продукциялардын бааларына көзөмөл жүргүзүлөт. Талдоо жүргүзөбүз, анализ жүргүзөбүз. Биринчи керектелүүчү азыр түлүктөргө - ун, нан, кесме, сүт, кумшекер, күрүч, өсүмдүк майы, эт, картошка ж.б кирет. Андан сырткары, товардык позицияга –күйүүчү май, көмүр алынган. Эгерде бир айдын ичинде аталган товарларга баа 20 пайыз жогорулап кетсе, анда биз аларды тескөөгө алабыз. Жалпысынан учурда айрым гана мөмө жемиштерге сезондук баа көтөрүлдү (фрукты), -дейт Кеңеш Тайлаков.

 Ошондой эле, агенттиктин жетекчиси эл арасында ар кандай такталбаган маалыматтарды таркатып, элди дүрбөлөңгө салуудан алыс болсок деген оюн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости