www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарындагы “Дордой” стадионунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Эрлан Искендеровдун жаркын элесине жана Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракесине арналган футбол мелдеши башталды.

Эки күндүк мелдешке 9 команда катышууда: Бишкек ШИИББинин, ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин ЭММКАКнын, ИИМдин КМКнын, Чүй ОИИББнын, Бишкек ШИИББдин командалары мөрөй талашууда. Аталган иш-чараны көргөнгө маркум Эрлан Искендеровдун кесиптештери, достору, жолдоштору жана үй-бүлөсү келген. Футболдук мелдеш эртең аяктамакчы.

Мелдештин башталышында кызматтык милдетин аткарып жатып каза тапкан Эрлан Искендеровдун арбагына багышталып куран окутулду. Турнирдин салтанаттуу ачылышында ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов элибиздин коопсуздугу үчүн эрдик көрсөтүп курман болгон кесиптештердин жаркын элеси эч убакта унутулбасын белгилеп, Эрландай баатыр жоокерди жарык дүйнөгө алып келип, татыктуу таалим-тарбия берген апасы Жаңыл Искендеровага ыраазычылык билдирип, быйыл 100 жылдык мааракесин белгилөө алдында турган Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мелдеште күчтүүлөр жеңишке жетүүсүн каалады.

 Андан соң ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Нурбек Абдиев  кызматтык милдетин аткарып жатып каза тапкан Эрлан Искендеровдун өмүр баянын кеңири айтып, анын эрдиги эч качан унутулбай, кесиптештерине өрнөк экендигинин айтып кетти.

Эрлан Искендеров 1976- жылы Балыкчы шаарында туулган. 2002- жылы милиция академиясын аяктаган соң эмгек жолун Бишкектеги Ленин райондук ики иштер бөлүмүндө кылмышкерлерди издөө тобунда баштаган. Андан кийин Эрлан Искендеров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө,  Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп иштеген. 2007-жылы 16-апрелде кызматтык милдетин аткарып жатып кылмышкерлердин колунан каза болгонун эске салды.

Мелдештин катышуучуларынын алдына чыккан маркум Эрлан Искендеровдун апасы Жаңыл Искендерова уулунун кесиптештерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, “Кызматка чыгаарда артыңарда ата-энеңер, үй-бүлөңөр, балдарыңар, асыл жарыңар турганын эсиңерден чыгарбагыла. Баласынын артында калып, куран окутуп, көз жашын төгүп калган апанын кордугунан чоң ыза эч качан унутулбайт экен. Уулун жоготкон эне болбосун! Ошон үчүн ден соолукта болуп, калктын коопсуздугун сактоодо кыраакы, сак болгула, ишиңерде ийгилик болсун! Уулубуздун жаркын элесине арнап ар жыл сайын футболдук мелдеш өткөрүп, унутпай жүргөнүңүздөргө ыраазыбыз. Мен силерди көргөндө баламды көргөндөй болом, силердин араңарда футбол ойноп жүргөндөй сезем, балама болгон кусалыгым бир аз болсо да тарап калам. Уулун жоготкон эне болбосун. Жакшылыктарда гана жолугушуп, эсен болгула” деп көзүнө жаш алды.

Бул жылы спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Эрлан Искендеровдун жаркын элесине жана Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракесине арналып уюштурулгандыгын эске салабыз.

Кылмыш иликтөө ички иштер органдарындагы алдыңкы түзүмдөрдүн бири жана бул түзүмдө иштеген милиция кызматкерлери жоопкерчиликтүүлүгү, тартиптүүлүгү жана элдешкистиги менен  айырмалынып, биздин жарандардын сый-урматынан татыктуу болушту.

Кубок 2018-жылдын 28-сентябрь күнү аяктайт деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости