www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы жарандык коом өкүлдөрүнө кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Нью-Йорктон кайткандагы сапары жакты. Президенттин катардагы каттамда, карапайым жүргүнчүлөр менен кошо жүргөнүнө жана жөнөкөйлүгүнө суктангандар пикирлерин айтышууда. Казакстандагы "БӘСЕ" каналынын редактору, жарандык активист Наталья Садыкова өз пикирин фейсбукта билдирген.

“Үнсүз суктанабыз” деген сүрөттөн. Кыргызстандын карапайым жараны өз өлкөсүнүн президенти менен селфи кылып, социалдык түйүнгө жүктөп жатат. Болгондо да бул жагымдуу сүрөт мамлекет башчысы башка жүргүнчүлөр менен бирге учуп бараткан каттамдагы учактын бортунда тартылган. Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынан кийин АКШдагы иш сапарынан кайтып келатат.

Мындай учурда биздин ханды элестеткиле? Катардагы каттамда карапайым пенде менен. Ага, түшүбүздө көрөбүз. Анткени, Кыргызстанда президенттер – алмашып турчу жалданма менеджерлер, бийликти басып алган диктаторлор эмес.

Кайталагандан тажабайм, кыргыздар – мыкты, Борбор Азияда ушундай демократия аралчасы бар экендиги кандай сонун”, - дейт Наталья Садыкова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости