www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул университетинин магистранты Чолпонай Кабылбек кызы менен маек.

-  Алгач эле, өзүңүз тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз? Канча жаштасыз? Кыргызстандын кайсы жериненсиз? Билим сапарыңыз кантип башталды?

- Мен Чолпонай  Кабылбек  кызы 24 жаштамын  Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Шералы айылында туулуп өстүм. 6 бир тууганбыз үйдө эң улуу кызмын. Мектепти тогузунчу класска чейин айылда окудум.Кара тору кыз болгондугум үчүн мектепте  мени баары кара кыз дешээр  эле ошол  сөздөн арданып кээде мектепке барбай  атама  жардам  берем деп талаага качып кетет элем. Окуучулук  күндөрүмдү  эстесем  кызыктай болуп кетемин себеби  мугалимдерден  аябай коркот  элем, аябай чүнчүп кыйналган учурларым  болгон 6-9- класстарда айрыкча мектептен качып

 Андан  кийин   Манас университетине  окууга тапшырдым,  Манас университетине окууга кабыл алынган күндөн тарта менин жашоомдо чоң өзгөрүүлөр башталды десем болот.Өзүмдү эркин сезип, сабактарга кызыгуум абдан күчөп, ар тараптан өзүмдү  өнүктүрүүгө  аракет кыла баштадым. Манаста бир жылдык  даярдоо курсунда бардык студенттер бир жыл кыргыз, түрк, англис, орус тилдерин  үйрөнүшөт.Мен да түрк, англис, орус тилдерин даярдоо курсунда үйрөнгөнмүн. Албетте окутуу бекер.

Үйдөн эртең менен саат 08.00 де чыгып кечки саат 21.00 дө араң барчумун.  Азыр эстеп көрсөм  мен үчүн эң оор  жана жемиштууучур  Манаста даярдоо курсунда окуп  жүргөн учурум экен. Манас университетинин сунган шарттары мен үчүн аябай пайдалуу болду. Себеби айылдан сабакка барбай чүнчүп жүргөн бир окуучунун жашоосун таптакыр башка нукка бурду десем болот. Ар дайым сыймыктануу менен ыраазычылыгымды билдирээр элем университетиме.

- Учурда чет мамлекетте окуп жүрөсүз, кайсы программа аркылуу барып, кантип окуп калдыңыз? (Кайсы окуу жай, бөлүм ж.б)

Учурда Түркиянын Стамбул  шаарындагы Стамбул  Университетинде  Маданият таануу  бөлүмүнүн  магистрантымын.  Бул  жака  (Türkiye Bursları)  аттуу стипендия  аркылуу  келип  окуп  калдым  . Мен билим алып жатқан окуу жай Туркиядагы эң мықты 5 университетттин катарында жана дүйнөлүк стандартка жооп берген өлкөдөгү эң биринчи ачылган университет.Бул окуу жайга окууга өтүү да окуп кетуу да оңой эмес.

- Бир гана окуу менен алек болбостон, Түркиядагы иш-чараларга да активдүү катышып келесиз. Түркиянын кайсы жактарын Кыргызстан өзүнө үлгү катары алса болот деп ойлойсуз?

Окуу менен гана  алек  болгон  студенттер  да  бар  бирок  бул  шаар  студенттер үчүн абдан   чоң  мүмкүнчүлүк берет  алардан  сөзсүз  пайдаланып  калуубуз шарт.. Стамбулда  бир күнүм  кандай  өткөнүн  да  билбей  калам  күнүгө пайдалуу  конференциялар,  симпозьюмдар, форумдар, фестивалдар, ар түрдүү  иш чаралар  болуп  турат. Күндө  жаңы  инсан  тааныйсың  бир күнүбүз башкасына  такыр окшобойт  аябай  тыгыз программа  менен  жүрөмүн. Окуп  жүргөнүмө  эки  жыл  болуп  калды Кыргызстаныбыз Түркиядан  көп жакшы нерселерди  ала  алат,  шаарды  өнүктүрүү  тазалоо  жана  шарт  түзүү  жагынан  мэриялардын  кандай  жол менен  иштеп  жатканын үйрөнсөк дейт элем.

Андан сырткары Туркияда 115 минден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Ошолордун башын бириктирген ар бир шаарда уюмдар бар жана ал уюмдардын үстүнөн тузулгон "Чет өлкөлүк студенттер уюмдарынын федерациясы" бар ошол федерацияда маданий иш чаралар боюнча координаторумунун.

Туркия студенттер учун чоң мүмкүнчүлүктөрдүн шаары. А чет өлкөлүк студенттер үчүн өзгөчө шарттар бар. Мисалы жайында, кышында атайын эс алуу, өзүн-өзү  өнүктүрүү лагерлерине барабыз. Семинар тренинг конференциялар тынбай болуп турат.

- Ал жактагы кыргыз студенттеринин бири-бири менен болгон мамилеси кандай?

Абдан ынтымактуубуз.  Стамбулда  окуган  студенттер  бат-баттан  жолугуп  турабыз. Былтыр  биринчи  жолу Түркиядагы   Кыргызстандык  студенттердин  жолугушуусун  уюштурдук. 500гө жакын  студент катышты. Кыргыз  студенттер  абдан  аракетчил болгондуктан  дээрлик  баары  ийгиликтерди  багындырып  жатышат.

- Мекенге деген сүйүү сезими айрыкча чет жерге чыкканда ойгонот эмеспи. Кыргызстанды сагынганда өзүңөрдү кантип алаксытасыңар?Деңизди Ысык-Көл деп элестетип аласыңарбы, же кандай?

Мекенге  болгон  сагынуу бул  таптакыр  башкача  нерсе экен мурун  бул  нерсени  такыр  жан  дүйнөм  менен  сезип  туйган  эмес  элем, ал эми  ушул  учурда  сагынуу  Мекенге  болгон  кусалык, туюп сезип  турган  учурум   кээде  олтуруп  ыйлаймын. Бул сезимди  айтып  же кагаз  бетине  түшүрүү  абдан  кыйын.Аны  жашасак гана түшүнөбүз.  Жатаканада тамакты биз жасабайбыз.Баарын даярдап беришет.Түрк ашканасынын тамактары.Ошондуктан аябай сагынабыз.Айрыкча  кымыз, беш  бармак, өзгөн күрүчтөн жасалган ашыбызды.

Деңизди Ысык Көл  дебеймин  себеби  окшоштура  албаймын  бул  жактагы  деңиздин сулуулугу башкача, албетте  биздин  берметтей  таза  тунук  көлүбүзгө  жетпейт  башкача  толкуну, жээги, шамалы, абасы, эч бири  окшобойт. Бирок ар нерсенин өзгөчө сулуулугу болот эмеспи.

- Чет жерде билим алган учурдун модасы болуп калбадыбы. Айрымдар үчүн чет жерде билим алуу 1-планда болсо, айрымдар үчүн жер көрүү алдыңкы планда экен. А сиз үчүн эң башкы максат эмне болчу жана учурда ага жеттиңизби?

Ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн.Менин  оюмча  чет жерде  окуган  мода  эмес, талап.Чет жерде  окуунун  көптөгөн  пайдалуу жактары  бар.Мисалы ; башка  маданият менен таанышабыз, эл жер көрүү  көз  карашыбызды  өзгөртөт.Мен  үчүн  башкы  максат өнүккөн өлкөлөрдөн билим  алуу менен  катар  алардын  өнүгүү  жолдорун  үйрөнүп   Кыргызстаныбызды да ушундай  деңгээлге  жеткирүүгө  салым  кошуу. Учурда  бул  нерсенин  үстүндө  абдан  тыгыз  иштеп  жатамын  буюрса  өлкөбүз  үчүн  пайдалуу адам болгонго  аракет кыламын.

- Билим алуу менен катар эле кайсы жерлерди көрүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды? Саякаттаган жерлериңиз тууралуу айтып өтсөңүз.

Түркиянын  дээрлик  баардык  жерлерин  көрө алдым. Андан  мурун  АКШ да жүрүп келдим  үч  ай , ошол  убакыттын  ичинде  онго  жакын  штатты  кыдырып  чыктым.  Кийинчерээк  Палестина, Израилге бардым. Иерусалимге баруу мен үчүн тагдырдын эң чоң белеги болду.Мусулмандардын эң ыйык 3 мечитинин бири, алгачкы кыбыласы Аль-Акса мечитинде намаз кылуу буюрду. Андан  сырткары  Казакстан, Өзбекстан, сыяктуу жакынкы  коңшу  өлкөлөргө  баргамын ал  жака  көбүнчө  фестивалдарга  барып калдык.

- Жаштарга, же болбосо окурмандарга кандай сунуштарыңыз болот?

Мен өзүм чарчабай эмгектенем. 2 сутка уйкусуз калсам да баштаган ишимди бүтүрөм. Анан башка шаарларга фестивалдарга, конференцияларга  барып калсак, чогуу баргандар жолдон чарчап келип уктап калышат. А мен болсо, айланамды кыдырып, өзгөчөлүктөрүн көрүп, адамдары менен таанышып баштайм. Айтаарым чарчабагыла. Эч качан чарчабай эмгектенели.

Биздин редакция менен маек кургандыгыңыз үчүн рахмат! Окууларыңызга ийгилик!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости