www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КККнын милициянын көчмө кабылдамасы Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунун эли менен жолугушуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КККнын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Эл менен жолугушуу Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Ак-Босого жаңы конушунда уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө калк ичинде ар кандай зордук-зомбулук аракеттерин, үй-бүлөлүк зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу максатында маектешүү түрүндөгү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошол эле учурда жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулук, жоруктар жана укук бузуучулукту алдын алууга багытталган окуулар уюштурулуп, бул иш-чара Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушундагы № 81 орто мектептин окуучулары арасында өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөргө атайын алдын алууга багытталган укуктук видео-роликтер көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости