www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир канча жылдан бери ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү кызмат өтөп келе жаткан милициянын майору Балкабаев Улан Арстанбекович бүгүн биздин төрдүн коногу. Каарманыбыз учурда Аламүдүн РИИБге караштуу Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмүндө Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү кызматын аркалап келет.

Вазир жакшы, хан жакшы…

Тоолуу аймак болгондуктан абасы салкын, жаратылышы кооз жерде жайгашкан Таш-Дөбө айылдык милициясы бүгүнкү күнү калкынын саны 19 миңден ашуун Таш-Дөбө, Арашан, Байтик айыл өкмөттөрүн тейлеп келет. Тажрыйбалуу адис, милициянын майору Кылычбек Жунусалиев жетектеген өздүк курам бүгүнкү күнү алгылыктуу аракеттери менен эл оозуна алынып келе жатканы жаңылык эмес. Вазир жакшы, хан жакшы дегендей, жетекчинин алдыга кошкон чоң максаттарынын ишке ашырылышына кол алдындагылардын бирдиктүү күч аракети өтө зарыл эмеспи. Мына ошол бирдиктүү аракетке өзүнүн чоң салымын кошуп келе жаткан кызматкерлердин бири - милициянын майору Улан Балкабаев.

Маек учурунда Улан мырза борбор калаага жакын Орто-Сай айылында туулуп өскөнүн, орто мектепти аяктаган соң милициянын генерал майору Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясына окууга тапшырганын айтып өттү. Темирдей тартипте болоттой курчуп, беш жыл бою билимге көзү каныккан биздин жигит окуусун 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек жолун Жайыл РИИБде кылмыш иликтөө бөлүмүндө баштаган.

Тажрыйбалуу насаатчылардан таалим алып, кылмыш ачуунун сырларын өздөштүрөт, улам барган сайын өз ишине берилип баратканын сезет. Биздин кызматта буйрук деген бар эмеспи, Мекен жөнөткөн жакка кызмат өтөөгө күнбү, түнбү жөнөп кетишиң зарыл.

У.Балкабаев 2009-жылы Ысык-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө ыкчам кызматкер болуп дайындалып, ал жерде төрт жыл кызмат өтөйт. Көптөгөн кылмышкерлердин тизгинин тартып, укук бузуулардын алдын алууга жетишет. Кылмыш ачуудагы тажрыйбасы эске алынып, андан кийинки жылдары Чүй ОИИББнын криминалдык милиция кызматында, Сокулук, Аламүдүн РИИБдеринде эмгектенет.

Ата кесибин ардактап келет Милициянын майору Улан Балкабаев милиция тармагына жөн жеринен эле келип калган эмес. Ата жолун татыктуу улантып келе жаткан милициянын мыкты уулдарынын бири. Ушул жерде Уландын атасы милициянын ардагер полковниги Арстанбек Балкабаев отуз жылдан ашуун Сары Өзөн Чүйдө кылмыш иликтөө тармагында үзүрлүү эмгектенип, Кыргыз милициясынын өнүгүү тарыхына өз салымын кошуп келген инсан экенин айта кетпесек болбостур.

«Менин милиция кесибин тандашыма, албетте, атамдын таасири чоң дейт элем, -дейт ой-толгоолору менен бөлүшкөн Улан Арстанбекович,- бала кезде үйдө атамдын формасын, фуражкасын кийип алып күзгүнүн алдында турган далай күндөр өткөн. Атам менен чогуу кээде анын жумушуна барчумун. Ошондой күндөрдүн биринде атама өз оюмду айтып, милиция болууну кыялданып жүргөнүмдү бөлүштүм. Атам тандоомду жактырып, колдой турганын билдиргени мени кубандырды.

«Уулум, милиция болуу оңой-олтоң иш эмес, абдан татаал, жоопкерчиликтүү кызмат. Ал үчүн сен дайыма ак иштеп, мени, артыңда турган калың элиңди уят кылбашың керек»-деген атамдын сөзүн дайыма унутпай келем. Азыркы күнгө чейин атам менин насаатчым, күнүгө кызматыма жөнөп жатканымда эл үчүн ак кызмат өтөшүм керектигин, милдетимди так аткарышымды эскертип келет»,- дейт кызматы тууралуу ой бөлүшкөн каарманым.

Табылгыс маалымат эледен чыгат…

Он алты жылды артта калтырган эмгек жолунда милициянын майору Улан Балкабаев аймактык тескөөчүлүктү да аркалап, эл менен жакындан иштөөдө өзүн сынап көргөн. «Эл аралап жүргөн мезгилде көптөгөн кызыктуу учурларды, кыйын кырдаалдарды, түйшүктүү учурларды баштан кечирдим дейт.- ал мезгилди эскерген У.Балкабаев,- айыл аралап баратсаң кээ бир жарандар менен жакындан сүйлөшүүгө, «тамырын тартууга» туура келет. Айрым тургундар: «иштеп чарчап жүрөсүң, кир үйгө, бир чыны чай ичели» дешет. Алардын көңүлүн калтырбай, үйгө кирип, чай ичүүгө макул болосуң. Дал мына ошол чайлашууда кызмат үчүн табылгыс маалыматтарды алып, алтургай ал маалыматтын артынан кылмыш иштери ачылып кеткен учурлар далай кезигет..».

Кызматым оратордук чеберчиликке үйрөттү

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында иштегенине бир жылга жетпеген убакыттан бери иштеп келе жатса да, Улан мырза бул кызматтын оош-кыйышын, оор-жеңилин өздөштүрүп калган учуру. «Бул кызматтын өзгөчөлүгү - ага чыгармачылык көз караш менен кароо керектигинде жатат экен дейт,- кызматы тууралуу ой бөлүшкөн милициянын майору,- чоң кишилер менен ачык-айрым, маселени кабыргасынан коюп эле сүйлөшсөк, азыр зергер асыл таш чегерилген буюмга кандай мамиле жасаса, дал ошондой чеберчилик, этияттык менен балдарга мамиле жасаш керектигин сезип келем. Балдар менен өткөргөн ар бир күн, саат, мүнөт да кызыктуу көз ирмемдерди тартуулайт мага...»

У.Балкабаев тейлеген аймакта беш мектеп жана эки медресе жайгашкан. Аталган жайлардагы жаш өспүрүмдөрдүн жүрүш-турушун көзөмөлгө алуу, аларды туура жолго алуу, өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга жол бербөө -биздин тескөөчүнүн милдети. Алгач балдар алдында лекцияларды окууда, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө сүрдөнүп жүрсө, бүгүнкү күнү ал күндөр артта калып, Улан мырза күн өткөн сайын өзүнүн оратордук чеберчилигин арттырып жүргөн кербези.

Каарманымдын күнүмдүк жумушундагы көңүл бурчу маселелердин бири мигранттардын балдары экен. Айына эки жолу ал балдардын үйүнө барып, алардын жашоо-шарты менен таанышып келүү, ал балдар менен такай сүйлөшүп турууну адатка айландырыптыр. Балдар менен иштөө жүрөгүнө жакын экенин айткан, чыгармачылык менен иш жүргүзүүнү максат кылган кесиптешибизге кызматында чоң жетишкендиктерди каалоо менен кеп соңуна чыгалы анда.

Ы.САГЫМБАЕВА

Булак: NazarNews.org

Последние новости