www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Зарнисор шаарчасында жайгашкан «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясындагы» жумушчулардын козголоңу токтотулду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-майда түштөн кийин таш жана таяк менен куралданган 60ка жакын кытайлык жумушчу компаниянын башкы кеңсесине кол салышкан. Окуя болгон жерге ИИМдин карамагындагы ОМОНдун кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Козголоң чыгаргандарды тынчтандыруу үчүн милиция кызматкерлери асманга ок атышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок», — деди Согди облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү.

Жумушчулардын нааразылыгына айлыктарынын өз убагында берилбегендиги себеп болгону кабарланууда. Айрым булактардын маалыматына караганда, жумушчулар коронавирус эпидемиясына байланыштуу компания аларды мекенине жөнөтүүдөн баш тарткандыгына нааразы болушкан.

Бүгүнкү күндө «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясында» Кытайдан келген 60ка жакын жумушчу жана инженер иштейт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости