www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews  маалымат агенттиги акын, тележурналист Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар тууралуу баарлаштык. 
-- Сонунбүбү эже, Исхак Масалиев мандаттан өз эрки менен баш тартып туура кылдыбы же популисттик кадамга бардыбы?
--  Исхак Масалиев мандаттан баш тартып туура кылды. Себеби жазган мыйзамы каралбай, комитеттен колдоо таппай убактысы өтүп жатканынын өзүндө бир мандем бар. Ошонун баарын көрүп, билип туруп, мындай парламент менен иштешпей эле коёюн деген чечимге келди. Өзүн сыйлаган ар бир саясатчы ушундай кадамга бармак. Анын аракетин  билимдүү, компетенттүү адамдын жана депутаттын азыркы базар парламентке жасаган ишарасы деп түшүнсөк болот. Биз мына ушундай баалуу депутаттардын баркын билип, кайрадан парламентке келишине шарт түзүшүбүз керек.
-- Депутат Тазабек Икрамов “коррупцияга шектелгендер шайлоого барбасын” деген оюн айтты. Анын бул демилгеси колдоо табабы?
-- Коррупция боюнча иш толук иретке келе элек. Эми гана башталды. Бул айлар, жылдар керектеле турган иш. Ал эми шайлоо келип калды.  Ошондуктан, анын демилгеси Тазабек кааласа да, эл кааласа да  ишке ашпайт. 
-- Президент ишин жөндөй албаган кадрлардан арылышы керекпи же шайлоо бүткөнчө чыдашы керекпи?
--Учурда элибиз кыйын күндү баштан кечирип жатканы эске алынышы керек. Тагыраагы, жашообуз шайлоо менен эле чектелип калбашы зарыл. Президент ишин эптей албаган кадрлардан арылып, элге дем-күч берип, алга сүрөй турган кадрларды кызматка тартышы керек. Эгер иш билги кадрларды ишке тартууну кийинкиге жылдырса, шайлоо таптакыр башка өңүткө ооп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн президент элге  өз позициясын ачык билдирип, элдин арасындагы кесипкөйлөр менен иш алып баруусу зарыл.
-- Парламенттик шайлоонун босогосу канча пайыз болсо, саясий атаандашуу көчөдөн парламенттик аянтчага жылат?
 -- Шайлоо босогосун жогорулатып же төмөндөтсө деле баары бир парламентке түлкүлөр келет. Босого деген элди чаргытуу. Негизги маселе шайлоо системасында. Ошол система  оңолмоюн биз өзүбүз каалаган парламентарийлерди Жогорку Кеңештен көрө албайбыз. Ал үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзам түп тамырынан кайра жазылып, элге кызмат кыла тургандай жолго түшүшү керек.
-- БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова комитетте шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү маселеси каралып жаткан учурда, “5 эмес, 7 пайызды колдойм” деген оюн айтыптыр. БШКнын төрайымынын андай пикири күмөн санатпайбы?
-Мага Нуржан Шайлдабекованын артында эмнегедир чет мамлекеттиктер тургандай сезиле берет. Ал болгону куурчак. Эмне деп сүйлө десе, ошону сүйлөп отура берет. Негизи ал сүйлөгөнү үчүн "кожоюнуна" өтө баалуу. Бирок кандай болгон күндө да  БШКнын төрайымы калыс болуш керек. 5 пайыздык чен каралып жатканда өз оюн билдиргенине караганда, ага күч келген жагдай бар. Ушундай мамилеси үчүн кызматтан кетирсек деле болот эле. Бирок бул айым кызматтан кетсе, ордуна  созулган бирөө келет. Мындай нааразычылык жараткан маселелер бир эле кишини кызматтан алуу менен чечилбейт да.  Менин оюма койсо баарын шыпырып-сыйрып таштандыга ыргытып, жаңы мыйзамдар менен иш алып бардырат элем.

-- Маегиңизге рахмат.
Булак: NazarNews.org

Последние новости