www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда каза болгон дагы 3 кыргыз жаранынын сөөгү 21-майда мекенине жиберилди. Бул тууралуу Мигрант кайрымдуулук фондунун мүчөсү Белек Садиров кабарлады.

Анын айтымында, алар күндө ар кандай себептер менен каза болгон мекендештеринин сөөгүн кичи мекенине жиберип жатышат.  "Аллахтын буйругу менен каза болгон 3 мекендешибиздин сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө узаттык. Маркумдар ыйык Рамазан айынын кадыр түн кечесинде каза болушкан эле. Жакындарынын кайгысын бөлүшүү менен биргеликте сабыр айтабыз. Жарандардын сөөктөрү Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарына жеткирилет", - деди Садиров.

Ошондой эле, ал каза болгон жарандар коронавирустан эмес, ар кандай себептер менен кайтыш болгон жарандар экенин баса белгилеп кетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости