www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Baza жана «Интерфакс» агенттиктери өз булактарына таянып кабарлашты. Азырынча бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

«Интерфакс» Рамзан Кадыров учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жазды. «Кадыров коронавируска шектелип жатат, азыр ал медиктердин көзөмөлүндө», — деп билдирген агенттиктин булагы.

«Базанын» маалыматына караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүндүгү айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.

Россиянын башка аймактарына салыштырмалуу Чеченстандагы карантиндик чаралар кыйла катаал. Республикада коменданттык саат киргизилип, коомдук транспорттор токтогон. Мындан тышкары Орусиянын башка облустарынан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.

Илдетке каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматына караганда Чеченстанда 1 миңден ашык кишинин коронавирус жуктуруп алган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости