www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү иштеп жаткан кылмыш жана административдик-укуктук кодекстерден чыккан маселелерди талкуулашты. Иш чарага Ички иштер министринин орун басары, полковник Нурбек Абдиев дагы катышты.
Талкуунун алкагында, иштеп жаткан кылмыш-жаза жана административдик-укуктук багыттар боюнча кодекстеринин ченемдери менен укуктук камсыздоонун көйгөйлөрүн ошондой эле жаңы кодекстердин долбоорлору боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу каралды.
Тегерек үстүндөгү талкууда Нурбек Абдиев, Жогорку Кеңештин укук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана КР ЖК Регламентинин төрагасы профессор, юридика илимдеринин доктору, КРдин эмгек сиңирген юристи Канат Керезбеков жана Кыргызстандагы «Saferworld» кеңсесинин башчысы Стефана Стояновалар ой-пикирлерин айтышты.
Канча талкууланган менен кодекстерде милициянын укуктары дагы деле чектөөлөр болуп жатат. Айрым катышуучулар Германия жана Американын кодекстерин мисал келтирилип, Кыргызстандын жарандарына ылайыкташтырбай жатканын айтышууда.
Кыргызстандагы «Saferworld» кеңсесинин башчысы Стефана Стоянова милиция кызматкерлери калк менен өз ара кызматташуунун жаңы форматына өтүшү керек дейт.
--“Укук коргоо органдарын реформалоо биринчи кезекте мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жана мамлекеттик институттарга карата элдин ишенимин калыбына келтирүүгө багытталуусу тийиш. ИИМге карата жоголгон ишенимди ордуна келтирүү үчүн, милиция кызматкерлери калк менен өз ара кызматташуунун жаңы форматына өтүшү керек. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин укуктарына болгон тоскоолдуктарды алуу керек”, - дейт ал.
Эске сала кетсек, ушул беренени Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек.
Эгер 2019-жылы кабыл алынган мыйзам өз ордунда кала берсе, карапайым калк мындан ары дагы какшап кала берет. Элдин шорун кайнаткан батышчылдар жазган берененин үзүрүн жактоочулар жана “кас мыйзамды сүйгөндөр” көрөт.
Булак: NazarNews.kg