www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«85 жаштагы апасы уга элек»: Изделип жаткан Орхан Инандынын жубайы

Бүгүн, 4-июнда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал Садыр Жапаровго дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табуу боюнча атайын тапшырма бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз 1995-жылдан бери бул жактабыз. 4 балабыз бар. Улуу кызым 25 жашта, эң кичүүсү 13 жашта.

Орхан Инанды менен «Сапат» лицейлеринин тышкы менен ички саясатка эч кандай тиешеси жок. Орхан Инанды өмүрүн билим берүүгө арнап келген.

Учурда кабар күтүп жатабыз. ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери бул иштин аягына чыгат деп ишенем. Жолдошум табылат деген үмүтүм зор.

Балдарыбыз айылда. Жолдошумду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/68/1176068.beef0b4954b4cd3a649650110d82be98.jpg

Азыркы күндө Орхан Инандынын 85 жаштагы апасы уулунун жоголгонун уга элек. Ал укпасын деп жанына бир адамды дайындадык. Бир туугандары окуя тууралуу угушту», - деди Рейхан Инанды.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/67/1176067.a1b35fca08efc4dcf63b2ca992b925b9.jpg

Анын айтымында, Орхан Инандынын унаасы табылган жерде видео камералар жок болчу. Унаасындагы видео камера дагы өчүп калган. Тек гана унаасын токтотуп жаткан видео жазылып калган.

Маалымат жыйынга «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүсү Нурсултан Майназаров котормочу катары катышты.

1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости