www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрдин айтымында, план боюнча өлкөдө 2 миллион 239 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү керек. Бул вакцина ала турган категорияга киргендердин 70 пайызын түзөт.

Кыргызстанда сентябрь айына чейин бир миллион адам коронавируска каршы вакцина алат. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.

"Спутник V" Sinopharm вакцинасына караганда арзан. Бейшеналиевдин билдирүүсү

Анын айтымында, план боюнча өлкөдө 2 миллион 239 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү керек. Бул вакцина ала турган категорияга киргендердин 70 пайызын түзөт. Ал эми 18 жашка чейинкилер менен чет өлкөдө жүргөн жарандар бул категорияга кирген эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин Кытайдан жана Россиядан 190 миң доза вакцина келип, 75 миң кыргызстандык бир жолку эмдөөдөн өткөн. Жакынкы күндөрү алардын баары тең экинчисин алат.

Ошондой эле министр жакында COVAX программасы аркылуу Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы жана "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости