www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын милиция кызматкерлери жогорулатылган айлык маяна ала баштаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 19-сентябрында мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында иштегендерге акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызмат өтөө үчүн үстөк акчалары жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.
"ИИМдин буйругу боюнча, ай сайын милиция кызматкеринин маянасына кошуп 20 000 сом үстөк акы төлөнө баштады. Ошондой эле өзгөчө абалда кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ай сайын 30 000 сомдон үстөк акы кошулуп берилет", — деп жазылат маалыматта.
Бул кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турары айтылды.
"ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат", — деген ИИМдин маалымат кызматы.
Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматында келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылып, ИИМдин Күзөт кызматында иштегендер үстөк акыны бул жумуштар толук аяктагандан кийин алары кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg