www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киреше бере турган мамлекеттик мекемелер менен тармактарды көзөмөлгө алсак коопсуздугубуз камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Жыйынга кеңештин жана министрликтердин өкүлдөрү катышкан.

"Мамлекеттик мүлк мекемелерин ай сайын, керек болсо жума сайын отчетун алып, текшерип турушубуз керек. Кандай иштер жүрүп жатат, кайсы багытта бара жатат, канча киреше тапты жана ушул сыяктуу маселелерди керек болсо күнүгө алып турсак болот", — деди Жапаров.

Жапаров киреше берчү тармактардагы көйгөйлөрдү тизмектеп берди:

MegaCom боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырып, келишим түзгөнбүз. Мурдагы жылдары эки-үч миллиардга чейин таза киреше берип жаткан болсо, акыркы жылдары 500 миллионго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 миллиардга чыгарасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 миллиард таза киреше берди. Бир миллиард сом каякка кетип жүргөн? Мындай фактылар көп;

Темир жол боюнча. Мурда 2 миллиард карыз болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласың, түрмөдөн чыкпайсың дегем. Алты айдын ичинде 1 миллиард 578 миллион таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон тарта Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштадык, жаңы вагондор келе баштады;

Аэропорт боюнча. Быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 миллиард 110 миллион сом таза киреше болду. Мурда 1 миллиард 800 миллион сом гана пайда көрүшкөн. Калган акча кайда кеткен? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт;

"Дастан" заводу боюнча дагы мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Муну дагы көзөмөлүмө алдым. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 миллиард сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат;

Ошондой эле "Айдаркен" жана "Кадамжай" комбинаттарын дагы иштете баштадык. Кудай буюрса, жакын арада киреше бере башташат;

"Кыргызнефтегаз" боюнча, жылдын башында жаңы жетекчи койгонбуз. Таза кирешени 3 эсеге көтөрүп жатат;

Мунай иштеп чыгуучу КПК жумушчулардын эмгек акысын 10 эсеге көтөрүп берип жатат.

Буга чейин Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылып жатып энергетика тармагындагы мыйзамсыз схемаларды ачыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости