www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
iPhone өндүрүүчүсү Foxconn компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Терри Гоу Тайвандын президенттиги үчүн ат салышкан акыркы талапкер болду. Бул тууралуу Тайвандын "ETToday" маалымат порталы билдирди.
Терри Гоу 28-августта Тайванда өтө турган шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышарын жарыялады. Бул шайлоо 2024-жылдын январында өтөт жана ага ийгиликтүү катталуу үчүн миллиардерге 290 миң кол керек.
Эгер Гоу шайлоодо жеңип чыкса, ал дүйнөдөгү демократиялык жол менен шайланган эң бай лидер болуп калышы мүмкүн. Бул титулду учурда Британиянын премьер-министри Риши Сунак ээлейт, анын байлыгы 909 миллион долларга бааланган.
Маалымат үчүн айта кетсек, 72 жаштагы ишкердин байлыгы болжол менен 7,2 миллиард долларды түзөт. Ал Тайвандык миллиардерлер арасында алтынчы, Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингинде 317-орунда турат. Ошондой эле, Терри Гоу 2005-жылдан 2021-жылга чейин бул журнал тарабынан Тайвандын эң бай адамдарынын тизмесинде кеминде алты жолу №1 орунда турган.
Bloomberg Billionaires Indexтин маалыматы боюнча, Терри Гоунун байлыгы 6,97 миллиард долларга бааланып, ал аралдагы эң бай төртүнчү бизнесмен. Агенттиктин маалыматы боюнча ал дүйнөдө 333-орунда турат.
Севара Хусниддинова, Ташкен
Булак: NazarNews.kg