www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көчмөндөр оюну үчүн 2,3 миллион сомго (ар бири 287,7миң сомдон) контейнер тибиндеги сегиз ажаткана жана жыгачтан жасалган 20 ажаткананын ар бирин 275,6 миң сомго орното турганы маалым болду. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги Кырчын жайлоосуна орнотула турган ажатканалардын баасы тууралуу түшүндүрмө берип, жалпы суммасы 2,3 миллион сом болгонун айтты. Акыркы учурларда куурай башын сындырса деле миллиондогон суммаларды айтып, ортодон "мойсоп" кеткендер да жок эмес. 28 ажатканага бөлүнгөн 2.3 миллион сомдон да "өөнөп" кетишпейби деген суроо туулбай койбойт. Бул туурасында сурамжылоо кылып көрдүк.
Карамат Орозова, ЖКнын депутаты:
- Биринчиден 20 ажаткана миңдеген адамга аздык кылат. Өтө жогорку баада жасалыптыр. Кайсы жерге орнотулат? Эгерде дайыма өткөрүлүүчү жер болсо анда пескоблок менен эле 20 аялдар үчүн, 20 эркектер үчүн куруп койсо да каражат жетмек. Ишчара өткөндөн кийин өздөрү алып кеткенге ыңгайлап жасашыптыр. Каражат, бюджеттин же гранттын акчасы болсо да үнөмдөшсө болмок. Эртең эле жооп беришет.
Камила Талиева, экс-министр:
- Албетте, мындай мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чарага чоң каржылык чыгым кетиши турган иш. Башка өлкөлөрдөн коноктор чакырылып, сый көрсөтүү, маданиятыбыз, салтыбыз менен тааныштыруу максаты болгондон кийин, каржысына да чыдоого туура келет. Бирок кептин баары ошол кеткен чыгым максаттуу, даректүү иштетилдиби? Кумга сиңген суудай изи жок болуп калып, анан той болот, тойдун эртеси күнү бири-бирин ууру тутуп, шек санап, чукулашып эле жатып калуу да улутка, эң оболу бийликке абийир алып келбесин жон терибиз менен туюп эле турабыз. Бул иш-чараны ар 2 жылда эле өткөрө берүу да шарт эмес болчу, оюндун жобосунда да мындай шарт жок.
Кошуна элдерге эстафета түрүндө өткөрүп берип, кезеги менен өткөрүү максатка ылайыктуу болчу.
Каржылык тартыш болуп турган мезгилде мамлекеттин казынасына күч келип, ашыкча чыгым болуп жатканы бир аз кыйынчылыктар менен коштолуп калып жатат.
Булак: “Фабула”