www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Коопсуз шаар” боюнча тендер кечээ кайра жарыяланды, сунуштамалар 4-сентябрга чейин кабыл алынат. Тендерди Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет жарыялап, баштапкы баасы 2 млрд 552 млн 706 миң 240 сомду түзөт. Тендер 2 лоттон турат – адистештирилген техникалык каражаттардын жардамы менен топтолгон жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттоо, транспорттук агым жана видеобайкоолор боюнча комплекстүү маалыматтарды автоматтык түрдө берүү кызматын сатып алат.
Буга чейинки тендер системадагы техникалык каталардан улам бузулган болчу. Ага катышкан “Мега-Лайн” компаниясы тендердин суммасынан ондогон эсе көп сумманы көрсөткөн – катышуучунун сунуштаган баасы 50,5 млрд сомду түзгөн. Муну мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков тендерди бузуу аракети катары баалады.
“Мега-Лайн” ЖЧКсы радиобайланыш тармагында ишмердик жүргүзгөн компания, 2012-жылы түзүлгөн. 2015-жылдын башында 8,5 млн сом салыкты төлөөдөн качуу аракети аныкталып, фискалдык органдар тарабынан чаралар көрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg