www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдары Кыргызстанда диний абал татаалдашып баратканы эксперттер тарабынан коңгуроо болуп кагылып жатат. Дин эркиндигинин чексиздиги Кыргызстанда ар кандай максатты көздөгөн диний уюмдардын кулач жайышына өбөлгө болуп, коопсуздук маселесине көңүл буруу зарылдыгы башкы орунга чыкты. Өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы Сириядагы согуштун таасири Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Миңден ашык мекендештер дин түшүнүгүнүн тайкылыгынан мусулмандык милдетимди аткарам деген ой менен Сирияга согушка жөнөп кетишти. Өлгөнү өлүп, аман калганы кайтып келип жатышат. Өлкөдө диний-экстремисттик, терроризм коркунучу туулду. Мына ушундай шартта эртең кеч болуп калбаш үчүн өлкөнүн бүтүндүгүн, коопсуздугун камсыз кылууда дин маселесине олуттуу маани берип, радикал көз караштагы диний чакырыктарга, ишмердүүлүгү күмөн жараткан диний уюмдарга өзгөчө көзөмөл жүргүзүү талабы жаралды.
Ырас, учурда кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан нарк-насилине, дүйнө таанымын жокко чыгаруу аракеттери жок эмес. Ал түгүл кыргыз улутунун руханий байлыгы, ишеним тиреги, намысы болгон Манаска карата да чабуулдар байма-бай уюштурулуп жатканын танып болбойт. Дал ушундай ааламдашуу, диний диверсия күчөгөн кыйчалыш кырдаалда кыргыз улуту канткенде өзүнүн улуттук өзөгүн сактап, нарк-насилин, рухий дөөлөтүн, каада-салт, маданий баалуулуктарын чанбай, ички-тышкы күчтөргө туруштук бериши керек деген маселе күндүн күрөө тамыры катары каралчу мезгил бышып жетилди. Ураалаган караңгы диний түшүнүктү өзгөртүп, туура диний багыт берүү вазийпасын мамлекет өз мойнуна албаса кийин кесепети оор болот.
Тилекке каршы, дин мамлекеттен тышкары деп жазылып, ооз жүзүндө айтылганы менен мамлекеттик саясатка диндин таасири жыл өткөн сайын күчөп баратканы жашыруун болбой калды. Мындай көрүнүш келечекте мамлекеттин өнүгүшүнө, кыргыз элинин тагдырына кандай оң-терс таасирин тийгизет деген маселеге тиешелүү мамлекеттик жетекчилер, ошол эле мамлекеттик саясий ишмерлер, дин таануучу эксперттер, теолог окумуштуулар ой-калчап, жалтактабай конкреттүү сунуштарды бериш керек.
Эгер бүгүн төө кушчасынан кумга башты тыгып отура берсек, эртең Кыргызстандын кандай келечек күтүп турганын боолголоо кыйын.
Диндин мамлекеттик саясатта таасири артып бара жатканы жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген жетекчилердин публиканын көңүлүн алыш үчүн дин туурасында ойго келбеген пикирлерди айтып, коомдук талкууга чок таштап жатканы далил. Буга алыс барбай эле, 21-августта Курман айт майрамында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун сүйлөгөн сөзү далил болуп берет. Намаз окулаарда Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Өзгөчө спикер Дастан Жумабековдун расмий сөзү элдин назарын бурду.
Жогорку кеңештин төрагасы куттуктоо сөзүндө:
-Бүгүнкү күндө алыскы Мекке шаарында биздин мекендештерибиз өздөрүнүн мусулмандык парзын аткарып, алакан жайып, ошол жерден өздөрүнүн дубасын кылып жатышат, Алар кылган дубалардын баары кабыл болсун! Ушул жерде отурган биздин мекендештер, мусулмандар, биз да тилек кылып жатабыз. Баарыбыз буюрса ошол ажылык сапарыбызды аткаралы. Ошол кылган тилегибиз ишке ашсын деген ниетти айткым келет, - деп билдирип, ал ортодо «Жогоруда айтып кеткен биздин Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот» - деп Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын насааттарын көңүлгө түйүш керек экенин кошумчалады.
Мамлекетгик кызматтын эң жогорку сересиндеги жетекчинин мындай сөздөрү коомчулуктун сынына кабылды. Спикер мамлекетик иш менен диндин чегин билбей саясатташтырып, эмне сүйлөгөнүн элес албай «Молдолордун айтканын утуп, ошолор көрсөткөн жол менен кетсек өнүгүүгө тез жетебиз» - деп айтканы акылга сыйгыс каталык болду.
Минтип өлкө жетекчилери өз сезимдерин коомго таңуулап, дин ишмерлери көрсөткөн жол менен өнүгөбүз деген чакырыгы, ансыз диний агымдар үстөмдүк кылып баратканы айтылган Кыргызстандын келечеги кооптонткон туңгуюкка багыт алдыбы деген бүшүркөөгө жол ачты. Жумабеков мамлекеттүүлүктүн маңызын түшүнбөй, анын келечегине баа бере албай, диний ракурстан карап жатканы анын тайкылыгын айгинеледи.
Арийне бул жагдай билим, маданият тармагы кыйраган өлкөгө башка улуттардын маданияты, дини, чет мамлекеттердин кызыкчылыгы өтө тездик менен үстөмдүк кылып, улуттук баалуулуктарды кыйратып, мамлекеттик өзөктү талкалап салаарынан кабар берди. Буга чейин Ак үйдө намазканалар ачылганда, парламентте жума намазга байланыштуу иш убактысын узартуу тууралуу маселе көтөрүлгөндө кайчы пикирлер айтылган.
Булак: “Фабула”