www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучуларды «Битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдегенден кийин Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинен чыгарылган Перизат Курманкожоева кайрадан ишке алынып, билим берип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди. Анын айтымында, ата-энелер менен аталган мугалим өз ара сүйлөшүүнүн негизинде кайрадан мурунку жумушуна келген. «Ооба, биз бул мугалимди кайрадан жумушка алдык. Себеби өткөн жылдын 20-ноябрь күнү мектеп директору Рахат Жоргоев мектепте жыйын өтүп, аталган мугалимге катуу сөгүш жарыялып, тартиптик жазасын берген. Андан кийин эле №47 буйрук менен 2017-жылдын 6-декабрында Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пунктуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Кийин Перизат Курманкожоева Мамэкотехинспекциясынын Жумгал-Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгына кайрылган. Ошондой эле 70 адамдан турган Миң-Куш айылынын тургундарынын кайрылуусу жана Курманкожоеванын 3 кызы бар экендиги, жолдошунун эч жерде иштебегендиги эске алынып аталган башкармалыктын 14-декабрдагы чечими менен кайрадан кызмат ордуна келүүсү каралган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу деген жок, болгону директор туура эмес буйрук чыгарып алган», - деди Ф.Өмүралиева. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы мугалим Перизат Курманкожоевага кайрылган учурда кайрадан жумушка келгендиги тууралуу өз пикирин билдирүүдөн баш тарткан. Ал эми мектеп директору Рахат Жоргоев буйрук туура эмес чыгарып алганын, бирок кийин кызматтык текшерүүдөн кийин анын кайрадан ишине келгенин ырастады. Бирок Перизат Курманкожоеванын кызматка алынышына каршы болгон Гүлмира Даниярова учурда Билим берүү жана илим министрлигине арызданып жүргөнүн айтты. Г.Даниярова аталган мугалимден уруш жеген окуучунун энеси. «Мен ушул жашка келип, "Битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла" деген сөздү уккан эмесмин. Министрдин буйругун жокко чыгарып, кайрадан кызматка алынышы кандай болуп калат? Сураштырсам, алгач сөгүш берилип, кайра берене менен буйрук чыккан экен. Директор менден күнөө кетиптир дептир. Андай билимсиз жана ишти белбеген жетекчилер кызматта эмнеге отурушат? Өз буйруктарын өздөрү жокко чыгарып мышык-чычкан кыла бергени туурабы? Мен ушул боюнча атайын министрликке келдим. Ата-эненин жана окуучунун укуктары тебеленип жатат», - деди Г.Даниярова. Буга чейин «Битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деген Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин мугалими Перизат Курманкожоева жумуштан бошотулган болчу. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин буйругунда айтылат. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстандын бардык мектептерине мугалимдин педагогикалык этиканын нормаларын так сактоосу боюнча буйрук берген. Министрдин аталган буйругунда билим берүү боюнча мыйзамдын 29-беренесине ылайык, балдарга карата психикалык, эмоционалдык, физикалык күч колдонууга тыюу салынары айтылып, мектеп жетекчилерине мектептин мугалимдерине педагогикалык кеп-кеңештерди берүү жана аталган буйрукту аларга кол койдуруу менен тааныштырууну тапшырган. Аталган министрликтин маалыматына караганда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин мугалими Перизат Курманкожоева Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пунктунун негизинде жумуштан бошотулган. Ал эми, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен аталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланган. «Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин 115 окуучусу 1093 китеп менен камсыз болгон», - деп айтылат маалыматта. Жумгал районунун билим берүү бөлүмү билдиргендей, Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.Крупская атындагы орто мектебинин мугалими Перизат Курманкожоевага болгон ата-энелердин нааразычылыгы боюнча кезексиз кеңешме жеринен өткөрүлгөн. «Анда аталган орто мектебинин директору Рахат Жоргоевга сөгүш берилип, кыргыз тили мугалими Перизат Курманкожоева Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пункту менен жумуштан бошотулду. Андан тышкары жалпы ата-энелердин чогулушу болуп, бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары мындай кемчиликтер болбостугун жана Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева тарабынан катуу көзөмөлдө болуп турары айтылды», - деп билдиришти Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн. Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин профкому Перизат Курманкожоева балдарды «жармаңкеге тамак жасап келбейсиңер» деп урушуп, жасап келбеген окуучуларды «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдеген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуучулардын ата-энелери билдиришти. Алардын айтымында, 11-класстын окуучуларына аталган мугалим көп жылдан бери сабак учурунда оозго алгыс жаман сөздөрдү айтып келген. Акыры мындай запкыга чыдабаган окуучулар мугалимдин тилдеген сөзүн аудиожазууга жаздырып алышып интернетке чыгарып, акыйкат издешкен. Ал тургай, кээ бир окуучулар кыргыз тилдүү мектептерге которулууга аргасыз болушкан. Ал эми ата-энелердин бири Гүлмира Даниярова мугалимдин балдарга карата сүйлөгөн сөзү жат көрүнүш экендигин, «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла, силерди кессе да кан чыкпайт» деген сөз жакшылыкка алып келберин билдирди. «Биз балдарды мектепке окутканы жиберебиз. Мугалимдер сабак өтпөй, ата-энелердин капчыгындагы тыйынын санашабы? Анысы аз келгенсип 5 балага 1 китеп беришет. Мектеп бербеген китептерди өзүбүз сатып алабыз. Бул мектеп Бакиевдин кланы. Мектепте жалаң ага, тууган, эже-сиңди, куда-сөөк, өкүл балдарынан бери иштешет. Жада калса кароолчу, пол жуугучуна чейин туугандар отурушат. 2 жыл мурда ушул мектептин 6 баласын дене тарбия жана спорт мугалими баштарын жарып сабаганда унчуккан эмеспиз. Эми балдарыбыз башка мектептерге барып окуга аргасыз болуп отурушат. Тез арада чара көрүүнү талап кылабыз», - деп билдиришти окуучулардын ата-энелери. Бул дооматтар боюнча мектеп мугалими Перизат Курманкожоева окуучулардын мектепке болгон мамилеси жана алардын жүрүм-турумунан улам аларга карата катуу сөз айтып алгандыгын билдирди. «Бул мектепте окуган 11-класстын окуучулары жыл сайын жармаңке уюштуруп, ага тамак-аш жасап келип, андан түшкөн каражатка жетишпей жаткан китептерин алышчу. Бул жылы 11-класстын 3 окуучусуна 1 китеп жетишпей жаткандыктан аларды жармаңкеге катышууну өтүнгөм. Бирок алар мугалимдин тилин укпай, аткарышкан жок. Ар жыл сайын 5-класстан 11-класска чейин жармаңкеде тамак жасап сатышат. Ар бир класс 2000 сомго чейин акча чогултуп, ортого китеп сатып алып окуп келишкен. Бул жерде эч кандай уруш-талаш жок. Болгону бул окуучулардын окууга болгон мамилеси төмөн болуп жаткандыктан айткам. Быйыл мектепти бүтүшөт, тест тапшырып, жогорку окуу жайга өтүшү керек. Мен аларга туура жана күчтүү билим беришим керек болчу. Эгер окуучулар туура билим албаса, жыйынтык көрсөтө албаса мага эле сөз тийип жатпайбы. Мен аларды жаман болсун деп тилдебейм, болгону билим алып, окуп алышсын дейм. Окуучулар мугалимдин айтканын укпай тескерисинче шылдыңдап, китептери, дептерлери жок сабакка келишет. Биздин мектепке 11-класстар үчүн такыр китеп берилген жок. 16 жылдан бери иштеп келем, мындайды көргөн эмесмин. Ал эми окуучулар башка мектепке кеткен жок, бир гана мугалим балдарын башкага мектепке алып кеткен. Башка балдар барып келишти, ал жак жакпай калып кайра эле окуп жатышат», - деди ал. Булак: NazarNews.kg

Последние новости