www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» саясый партиясы байлардын жана көпөстөрдүн катмарынан түзүлүп,  дароо эле салюттарын атып “жарк” этип чыга келгени эсибизде. Анан дагы ошол мезгилде жергиликтүү ММКлар бул партияны СДПК- 2 деп атап жазып келген.

Тилекке каршы учурда аты аталган партияын үстүнө кара булут айланып, бооронго учурады. Дегенибиз мындан бир нече ай мурун аталган партиянын “аташкасы” Канат Исаев камакка алынганы эсибизде.

Кечээ эле социалдык тармактарда бажырайган сүрөтү менен чыккан, Шаки деген ылакап аты менен элге таанылган "Аю" фирмасынын директору Шаршенбек Абдыкеримовду “өзбек кримавторитети Салимбай байбача менен кандай байланышы бар деген суроо жаралды. Анча-мынчадан тазараак, бизнес менен алектенген эле бир көпөс деп жүргөнбүз. Көрсө кептин баары Шакиде жаткан тура", деген пикирин “Ачык саясаты” гезити жазып чыкты.

Тилекке каршы бүгүн эле, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда камакка алынган. Кесиптешинин камакка алынгандыгы туурасында партиялашы Алмазбек Эргешов, “азырынча бул маалыматтан кабары жок экендигин айтып”, “зиркилдеди”

Урматтуу ЖК депутаты Алмазбек Эргешов, байланышка чыкканда “маалыматты чыгарасыңарбы жокпу, өзүңөр билесиңер”, деп “зиркилдебей” сабырдуулук менен жооп берсеңиз. Ак үйгө сизге гана эмес, баарына аманат. Депутаттык мандат - түбөлүк эмес.

Баса, партиялаштар пейилиңерди оңдоп, түлөө-пүлөө өткөрүп койсоңор жакшы болот беле...
 
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости