www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Краснодарлык хирургдар тил рагына кабылган оорулуунун тилинин жарымын кесип, ордуна өзүнүн колунун булчуңдарынан тил жасап беришти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, РИА Новости агенттиги жазды.
48 жаштагы оорулуу Краснодар аймактык ооруканасына түшкөндө тилинин жарымын шишик басып, сүйлөй да, тамактана да албай калган.
"№1 оорукананын дарыгерлери чындыгында уникалдуу операция жасашты. Алар жабыркаган тилдин шишик баскан бөлүгүн кесип салып, ордуна колдун булчуңдарынан тигип тилди калыбына келтирип беришти. Операция сегиз саатка созулду", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң дарыгерлер оорулууну эки жума бою көзөмөлдөп, жабыштырылган эт организм менен жалгашып кетишине бардык шарттарды түзүшкөн.
Оорулуу бир нече күн мурун үйүнө чыгып, учурда жаңы тилин толук иштетүүү үчүн көбүрөөк сүйлөөгө аракет кылып жатат.
Ал ортодо өзбекстандык дарыгерлер биринчи жолу операция жолу менен боор алмаштырышты. Операцияга 21 дарыгер жана 10 медицина кызматкери катышты.
Булак: "sputnik.kg"