www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары менен маек...

-- Мадамин Мусаевич, таажылуу вирус боюнча кырдаал кандай? 

-- Таажылуу вирус боюнча баары көзөмөлдө. Пункттар иштеп жатат. Азыр биз обсервация жасап жатабыз. Стационарда да жатышат. Тест системалар алып келинген. Четтен келгендер бүт текшерилүүдө. Азырынча Кыргызстанда таажылуу вирус катталган жок. 

-- Биздеги мааламаттар боюнча, Кытайдан келгендердин температурасын  текшерип, дене табы нормалдуу болсо эле өткөрүп жиберишет экен. Ошол эле учурда дүйнөлүк медиктер таажылуу вирустун инкубациялык мезгили бир жумадан ашыка созулушу мүмкүн экендигин айтышууда. 

-- Ал жерде мындай да, Россияда бир ай жүрүп туруп бизге келсе, биз карайбыз да баардык жагдайларын. Тажикстандан, же башка үчүнчү өлкөлөрдөн келгендердин баардыгын эле 14 күн кармагандын зарылдыгы жок. Ал эми түз келгендердин баардыгын чек ара кызматы менен чогуу көзөмөлдөп жатабыз. 

-- Бизде иштеп жатышкан кытай жумушчулардын бир тобу өз мекенине майрамдаганы, же башка себептер менен кетишкен. Алар кайра келишсе кандай болот?

-- Мен билбейм, канчасын киргизет, канчасын киргизбейт – штаб чечет да аны. Биз киргендердин баарын көзөмөлгө алуудабыз.

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости