www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фитнес машыктыруучусунун таксиде салган ызы-чуу видеосу интернет айдыңына тарап, катуу талкууга түштү.

Видеодо байкалгандай жүргүнчү айдоочуга ачууланып, аны коркутуп, сөгүп жана муштаганга дагы жетишкендигин көрө алабыз.

Чырдын жүрүшүндө айым бир нече жолу “мени жеткирип кой,  “мразь” дегенин угууга болот.

Лайф басылмасы роликтин каарманынын өздүгүн тактоого жетишкен. Көрсө, ал Instagram тармагында yana_dankova ниги менен белгилүү болгон фитнес-машыктыруучусу экендиги такталды.

Чыр салган 28 жаштагы айым өз постторунда адамдарды туура жашоого, өзү менен өзү жана   табийгат менен биргеликте айкалышып жашоого үндөп келет.

Яна иштеген клуб администрациясынын айтымында ал жумуштан бошогон. Бирок себебин айткан эмес.

Россиялык “Вечерный Ургант” программасынын алып баруучусу Иван Ургант Янаны мыскылдап, пародия чыгарды.

Видеодо көрүнүп тургандай Иван лифттин ичинде көзүн чоң ачып алып кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

“Жеткир мени, мразь! Жеткир, мразь? Сен эмне кылып атасың? Мени элдер күтүп жатат! Мен орус болгон маскаралап атасыңбы? Сен мени жеткиресиң, болбосо мындай адамдар келет”,-деп алып баруучу лифттин кнопкасына кыйкырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости