www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү! Бишкекте дагы 3 эм жарык дүйнөгө келди

Бишкекте кайрадан 3 эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка караганда ымыркайлар кечээ, 13-февраль күнү Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген.

Анда  37 жаштагы Ш.Э., аттуу келин кесарева жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин биринчиси - 2,700 кг, экинчиси - 2,560 кг, үчүнчүсү - 2,800 кг салмакта төрөлгөн. Дарыгерлердин айтуусуна караганда, эне-балдардын абалы канааттандырарлык.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнө турган тиешелүү чечим кабыл алынган. Бул жардам баланын кичине кезиндеги өнүгүүсүнө социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости