www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев район борборлорунун инфраструктуралык абалын жакшыртууну тапшырды. Ал Чүй облусунун Москва районундагы Ак Суу калаасын мисал катары келтирип, шаарчанын борбордук бөлүгүндө орун алган базардын жагдайын кескин сынга алды. Анын айтымында, базарда ирээтсиз унаалардын тыгыны пайда болуп, санитардык нормалар сакталбай, тургундар үчүн кыйла ыңгайсыздыктарды жаратат.

“Акимчилик менен базардын айырмасы жок. Ирээтсиз унаанын агымы, асфальтка ун, күрүч сыяктуу азыктарды жүктөп келип сатышууда. Мунун бардыгын ирээтке келтирүү керек. Соодагерлердин өздөрүнүн нерви чыдабай жатат. Жакшынакай жер бөлүнүп, базарды көчүрүш керек. Бул Ысык-Ата, Сокулукка дагы тиешелүү”, - дейт өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости