www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  «Республика – Ата журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев NazarNews.kg агенттигине парламенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди. 

--Келээрки шайлоодо кайсыл партия же кайсыл саясатчыларга ийгилик жаралышы мүмкүн? 

--Мен акыркы күндө билип көрүп тургандай, биздин саясатчылар аргасыздан Райымбек Матраимовду саясатка түртүп жатат. Чындыгында ошол кишини саясатка чыгышын күтөт элем. Анткени ал кишини ар кандай “пиардын” артынан калк чоң саясатчыдай кабыл алып калды. Матраимов бийликтеги адамдарга караганда карапайым калкка көп жардам бергени эл арасында тыгыз айтылууда. Матраимов, жол менен сөздү билген, оор басырыктуу, мекенди сүйгөн, кыргыз элине күйгөн, адамгерчиликтүү жана мээримдүү инсан. Акыркы күндөрү бирөөнү мактап койсоң эле “сатылды” деп айтып башташат, жакшы инсанды, эмнеге жакшы инсан деп айтканга теригишибиз керек. Кыргызда “булакты көрсөң, көзүн ач”, деген макал бар. 

--Кыргыз саясатчылары депутат болбой калса эле эл арасында ордун жоготуп коебу? Эмнеге алар бийликтин партиясынын курамына кирүүгө ашыгышат? 

--Сөзсүз, депутат болуштун кереги жок. Депутат бул мыйзам чыгаруучу орган. Элге кызмат кылуунун жолу көп, ар ким өзүнүн колунан келген жардамын жана кызматын кылса болот. Бийликтин партиясына ашыккандар оңой жолду издегендер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости