www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн атайын багыттагы полкунун “Шумкар” өзүнчө ротасынын 4 жылдыгы белгиленди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында атайын полктун кызматкерлери келген конокторго жана өздүк курамга өздөрүнүн ыкчам аракетинин натыйжасында аскердик күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүп беришти.

Андан соң мыкты кызмат кылган кызматкерлерге ОИИБнын башчысы А.Мамасейитовдон жана жергиликтүү бийлик тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышып, алкыш алышты.

Мындагы иш-чаранын өтүшү жана атайын полктун аткарган иштери тууралуу:

“Өзүңүздөргө маалым болгондой ИИМдин алдындагы атайын полктун түзүлүп, ишин жүргүзүп баштаганына 4жыл болду. Негизинен алганда мында биздин кызматкерлер облус аймагында кандай гана кылмыштуулук болбосун баарына тартылып, ар кандай башаламандыкка бөгөт коюу ишин алып барышат жана элдин тынчтыгын сакташат. Биз сиздер менен сыймыктанабыз!”-деди ОИИБнын башчысы А.Мамасейитов.

Кошумчалай кетсек, ден-соолукту чыңдоо, жаштарды спортко болгон кызыгуусун арттырууну коздөгөн жана мекемелер арасында болгон мамилени бекемдөө максатында аталган полктун 4 жылдыгына арналып Жалал-Абаддагы “Шумкар” өзүнчө ротасы тарабынан волейбол оюндары уюштурулду.

Анда Жалал-Абад аймагындагы күч түзүмдөрү жана укук-коргоо органдарынын, командалары кызуу оюн көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөгө байгелүү орундар ыйгарылды деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости