www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январда  расмий иш сапары менен Вашингтонго барган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризм менен күрөшүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

Назарбаев Трамптын президент болуп шайланышынын бир жылдыгы менен куттуктап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди.

“Американын көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүгүбүзгө көрсөткөн колдоосун Казакстан жогору баалайт”, - деди Назарбаев. Казакстан лидеринин айтымында, Астана “Боингдерди” жана "Женерал Электриктен" 900 электровозду сатып алууну көздөп жатат.

Назарбаев Казакстанда америкалык ири мунай компаниялар иштеп жатканын эске салды. Ал казак тарап америкалык компаниялар менен 7,5 миллиард АКШ долларына тете 20дан ашуун келишим түзүүнү пландап жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости