www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2003-жылы 1-май күнү 27 жаштагы америкалык альпинист Арон Ралстон Юта штатындагы кооз каньондорду аралап жүрүп кырсыкка тушугат. Тагыраак айтканда, Арон 1 киши араң батчу эки жагы тик аскалуу жардын ортосунда кетип баратканда жогорудан таш кулап, анын оң колун кыпчып калат. Арон жанындагы бычак менен асканы жана кулаган ташты кертип ташка кыпчылган колун чыгарууга аракет кылат, бирок таш оор эле, анын аракетинен майнап чыкпайт. «Капканга» түшкөн ал жанына ала келген бир аз азыкты үнөмдөп ичип 5 күндөн ашуун убакытты өткөрөт. Акыры азыгы да, ичерге суусу да түгөнөт. Каарманыбызды «жашоо же өлүм?» деген суроо түйшөлтөт. Эгерде бир айласын таппаса аны ээн чөлдөгү өлүм күтүп турган. Акыры Арон жашоону улантуунун жолун табат. Ал ташка кыпчылган өзүнүн оң колунун билегин бычак менен кесип таштап, абалдан чыгып кеткен. Алдыга, бир гана алдыга! Андан соң Арон мээ кайнаткан ысыкта канжалаган колу менен бир нече чакырым жолун улай берген. Алдынан нидерланддык туристтер чыгып, жардамга тик учак чакыртышкан. Азыр Аронду көпчүлүк эрдиктин символу эсептешет. Ал өзүнүн өмүр-таржымалы тууралуу китеп чыгарган. Ал эми 2010-жылы ал китептин негизинде «127 саат» («127 часов») деген тасма тартылган. Бир колунун кесилгенине карабай альпинист катары 60тан ашуун чокуну багындырган - деп жазат ОК.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости