www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чарчабоонун ыры (Чачылган бирок чарчабаган ойлор)
Европанын бир шаарында эки сырдуу уюм бар: алар өз өмүрүн кыйгысы келгендерди акыркы сапарга узатып берет... Илимде анын аты эвтаназия - адамды жан кыйнаган оорудан же абалдан куткаруу, атайын дары менен жанын кыйуу практикасы. Мунун баары толук мыйзамдуу болсо да жердин атын атагым келген жок, анткени эч ким өз өлкөсүн бул иши менен мактагысы келбейт...
Ал бул ишти мыйзамдуу аркалаган дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө. Дүйнө эли кооз жерге саякаттап көргөнү барса жүздөгөн жандар ал өлкөгө өлгөнү барышат тура. Ал жерге көбүнчө коңшу өлкөлөрдөн барышат экен. Уюм аларды өтө сый-урмат менен тосуп алып, а тургай алгачкы бир-эки күнүн шаардын кооз жерлерин көргөзүп, тиешелүү акысын алып, шарты жакшы бөлмөлөргө жайгаштырат. Ошо менен кошо алар бул кадамга өз эрки менен, тунук акыл-эси менен барып атканын бир нече ирет адистердин катышуусунда текшеришет. Анын баары аныкталыш үчүн, тастыкталыш үчүн бардык процедура видеокамерага тартылат экен.
Акыры кардар өз колу менен алдына коюлган дарыны ичип болуп, болгону бир жумшак таттуу уйкуну сезип жаздыкка башын коет экен... Демократиянын миң кырдуулугуна айла барбы, биздин ишибиз болбогон менен дүйнөдө миңдеген адамдар кантип бул жарыктан жылуу-жумшак кыйналбай кетиштин айласын таппай жүрөт экен да...
А кимдир бирөө аларды да ойлошу керек турбайбы... Башында мындай кызматтын болушуна каршы чыккандар да болгон бирок бул уюмдун керектигин колдогон баарыдан мурда врачтар болгон. Алар “бул кызматты бизди кылып бер дегендерден тажадык” дешкен экен. Ал уюмдун негиздөөчүсү өз атасынын окуясынан улам ачыптыр. Атасы көрсө өз жанын кыйыш үчүн кылбаган балээси калбай, үй-бүлөсүн азапка салган экен.
Статистиканы айтканда не, арабызда, алыс же жакындарда кимдердин эмне ой менен кайда көздөй баратканы мына ошол маанилүү. Кытайда бир кишини суицидге бараткан миңдеген адамдарды бир эле сүйлөм сөзү менен кайра артка кайтартканын жазып чыгышкан. Ал эмне болгон бир ооз сөз болду экен деп бир топ ойлондум эле. Бирок аны издеп деле кереги жок. Ал сөз, андай мамиле баарыбызда бар болушу мүмкүн. Биз бири-бирибизге абдан керек болушубуз мүмкүн. Маркин дегени “Менин өлүмүмө өзүм өткөргөн өмүрүмдү күнөөлөгүлө” дептир. Аныдктан өмүрдү шөкөттөп куруп олтуралы. Чарчабайлы, чарчабоонун ырын ырдап...
Женева дүйнөдөгү эң кымбат беш шаардын бири. Ушул шаарда бир хот-догду бир гана франкка сатып алып жей турган бир гана жер бар. Ал – дүйнөгө атагы чыккан ИКЕА соода түйүнү. Анын негиздөөчүсү швециялык Ингвар Кампранд, аз жыл мурда дүйнөдөгү эң бай адам аталган. Жашы быйыл 92 де. Өз өлкөсүндө салыктын кымбаттыгынан бизнесин чет өлкөгө чыгарып кеткен. Көп өмүрүн Швейцарияда жашап, акыры карыганда өз өлкөсүнө көчүп кетти. Ал жаш кезинде ширеңкени дүңүнөн сатып алып кошуналарына кайра бирден сатчу экен. Анан карандаш, ручка, открыткага өтөт. Анын бизнестеги жылдызы ошентип жанат. Ал мектептен кийин бир дагы жогорку окуу жайын окубаптыр. Демек жогорку билими жок.
А азыр анын соода системасын дүйнөлүк эчен ири компаниялар үлгү катары көчүрүп келет... Жашоодо мындай парадокстар көп тура. Ингвар адамзатка үлгү болсун деп өзүнө кийимди атайын дүкөндөн эмес түртүшмөй базардан алат, самолетто эконом-класс а поузда экинчи класста жүрөт экен. Четке чыкса үч жылдыздуу мейманкана алып, мейманкана берчү эртең мененки тамакты күтөт дейт. Болбосо анын 40 миллиард доллардан ашык байлыгы бар эмеспи... Кол алдындагыларга ар барак кагаздын эки жагын тең колдонгула деп “Ар бир крон бул – крон!” деп кайталап айтканды сүйөт дейт. Анысы: Дүйнө бир тыйындан куралат, - дегени да. Биз да кээде чөнтөк жукарганда ар тыйынды санап алып, бир сомго өзөк жалгаганы ИКЕАны көздөй жөнөп калабыз. Ал “Менин ишкана-дүкөнүмө элдин бүт катмарынын колу жетсин жана алар ал жакта өздөрүн ыңгайлуу сезсин” деген ураанды коюптур. Бизге окшоп агылган миллиондогон адамдардын ырахматы аларга бакыт, байлык болуп тиет тура. Өткөндө “Спутник” сайты БЧКнын кантип курулганы тууралуу керемет макала-материал жарыялады. Ошондогу көкөй кести заманды, кыйынчылыкты, ачарчылыкты айт. Ошондогу апа жашыбадыбы: - Азыр тамак жок деп тамакты, кийим жок деп кийимди тебелеп, отко ыргытып атпайсыңарбы, апабыз бир күн кечке жер чукуган акысына 200 грамм нан алып бизди бакчу, - деп. Биз кээде өз компьютерибизге кошуп, эсибизди жыйып, жан дүйнө менен күчүбүздү жаңыртып туруш үчүн бул жашоодо кайрадан, уламдан улам өзүбүздү “перезагрузка” кылып турганыбыз оң...
Жакшы кыял кимде жок бирок, Американын ар бир экинчи студенти 40-45 жашында миллионер болом деген мүдөө менен окуйт дешет. Бул канчалык туура болгон күндө да психологияда эң жөнөкөй жана туура аныктама бар экен: ар ким эмне кесипти кааласа ошол кесиптин, кайсы жумушту эңсесе ошол жумуштун, кайда жана кайсы тепкичке чыккысы келсе ошонун, миллион самасаң миллиондун энергетикалык жолуна түшөт экенсиң... андыктан биз эң туура да кыялдана билишибиз керек экен. Демек алар аткарылат экен. Албетте ал кыялың бир ирмемдикпи, он күндүкпү же бир жыл, беш жыл эңсеткен, дегдеткен кыялбы маселе ошондо!
Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунда Баястан деген досум жашайт. Төрт сотый жерине үй курган, малга сарай салган, жубайы иштеткенге кийим тикчү цех-бөлмө курган, мончо салган, бир бурчуна жашылчага жер калтырган, машинесине гараж курган. Өзү таксилеп шаарга чыгат, той-аш өткөргөндөргө малын союп, жиликтеп берет, жубайына кошулуп кийим тигишет, машинени от алдырып үнүнөн диагноз кылат, торпок, бука байлайт, куйруктуу кой байлайт, уйдун сүтүн сатышат, жыйырма жыл астма болуп докдур болуп бүттүм дейт, аарыга чактырып дарылагандын адиси болуп, кошунлардын балдарын киринелейм дейт. Бакай-Атаны түрө кыдырып кол чогултуп, шаардык бийликтен жаңы конуш үчүн кесүү кайтарганга эбегейсиз жер бөлдүрүптүр, өзүбүз чогулуп, кол менен казабыз деп атып көчөгө суу түтүк чыгартыптыр. Жаңы конушта чыр-чатак чыкса “разборка кылып”, эрди-катын урушуп кетсе “эмне жетпейт силерге” деп атып акыры элдештирем дейт. Анан санын чаап каткырып күлөт, жалгыз өзү турса да бака-шака майрамдай жүрөт. Аны угуп менин боорум эзилет, былтыртан бери мынча күлө элек элем деп кечке күлөм. Ичимен ыраазы болом. Бишкекке барганда биринчи жолукканым Баястан. Мончого барып “пардагы” элдин баарын күлдүрүп, шейшеп желпип, элден кабат бата алганын айт. Кыргызстандын бир сагынычын чыгарып, шыпыргы менен жан жыргатып чаап бергенин айт. “Неңдурайын бир мүнөт ачка туралбайм жүрү кеттик” деп шаардын аппетиттүү ашканаларын көздөй эски вольксвагенин айдап жөнөп калат. Бар бол досум, Баястан! 21 кылымдын адамы, 21 кылымдагы чыныгы дос сендей болсун!
Эмне үчүн турналар тизилип учат? Үч бурчтук болуп, кырка тартып, тилке болуп... Куурк-куурк этишип... Жүз жылда бир көрүнгөнсүп... Эл издеген өмүр сырын көтөрүп кетип бараткансып... Кайсы бир өнөрдүн күчүн карап таасирленип тургансытып... учуп өтүшөт. Үч бурчтук болуп. Илимде анын негизги эки болжолу бар экен. Алдыңкысы канатын серпкенде арткысы канатын көтөрөт экен.
Ошентип, аба агымын бири-бирине жеңилдетип берип учушат имиш. Экинчиси, күндө да түндө да учкан турналар сызыкты бузбай, бири-бирине оңой көрүнүп туруш керек экен. Адам үйрөнчү канча сыр бар, адамга жетпеген канча сапат бар, адам ээ болбогон канча күч бар, адамдын адамдыгы жетпеген бу табигатта канча боорукердик, сүйүү, досчулук бар. Барчу жерден адаштырбаган, жетчү жерин даана билген, оң-солго ашык бурулбаган, бир-бирине көз болгон, бири-бирин таштабаган, болжогон жерге чейин наар албаган, тамаксыз күп деп кулатпаган эмне деген инстинкт бар, көз бар табигатта. Эки кыл, үч кыл, жети балким он беш кылдуу аспап менен обон, аваз издейт адам. А адамды кайрадан төрөлткөн, угуп кулак ишенбеген не деген үн бар табигатта. Жаңылсак, адашсак, кептелсек жарга акыл-насаат издейбиз. Акылдуудан, “жашоону кыйын билгендерден”, “асмандан, кудайдан” түшкөн китептен, не деген, чылгый алтын делген “алтын эрежелерден”... Сооротушабыз, акыл-насаат айтышабыз. Жашоо деген ушундай деп, анткени тагдыр деген ушундай деп. А балким жашоо деген алардын эч бири айткандай эместир... А балким сен, миңдеген эмес, илимдин башын маң кылган миллиондогон ачыла элек жылдыздар бар ааламда жашап туруп сен балким эч сызыкка сызылбай, эч кутуга тыгылбай, сен дагы чексиз болуп жашап өтөөрсүң. Максаттын максатына, кызыктын кызыгына жеталбай жүрүп, баталбай жүрүп, умтулуп жүрүп өтөөрсүң. Ошол балким маңыздуу, ошол балким маанилүүдүр, ошол балким керектир.
Эмне үчүн турналар тизилип учат? Болгону балким адамдарга көрүнүш үчүн, жашоо кызык деп, сырдуу деп айтыш үчүн, ааламды көрктөш үчүн тизилишээр. Күз келди, сага убакыт келди деп, мезгил өтүп атыр деп айткысы келээр... Куурк-куурк этип асмандан коңгуроо кагып.
Жеңишбек Эдигеев